Кыргыз Республикасынын Президентигине талпкер Арстанбек Мыктыбектин шайлоо алдындагы программасы
Мен заман талабына жооп бергени чыктым!
«ЖАША, КЫРГЫЗСТАН!»
Биздин байлык – эл. Оболу – эл, анан гана мамлекет!
Элдин жашоосун өнүгүү нугуна буруу үчүн мен негизги беш мүдөөнү сунуш кылам:
- Бүгүн биздин эл АКЫЛ-ЭСИН ырастоосу зарыл
А. Тарых, жашоо жана келечек тууралуу акыйкат маалымат;
Б. Терс сапаттардан – асыл касиеттерге карай өнүгүү;
В. Керектүү билимди, пайдалуу илимди өнүктүрүү.
- Бүгүн биздин эл келечек НАСИЛИНЕ кам көрүү зарыл
А. Чың ден-соолук жана кажыбас кайрат;
Б. Аял заты – дайым камкордукта;
В. Үй-бүлөө – негизги чөйрө.
- Бүгүн биздин эл өз БАЙЛЫГЫНА ээ болуусу зарыл
А. Мамлекетке – саясий жана экономикалык көз карандысыздык;
Б. Кедейликтен – лидерликке, өзүбүзгө – өзүбүз гана чегеребиз;
В. Адилеттүү салык, адал ишкердик жана финансылык эркиндик.
- Бүгүн биздин эл бекем АБРОЮН көтөрүү зарыл
А. Саясатта биримдик жана дос-душманды аңдоодо кыраакылык;
Б. Кыргыз каерде болбосун – Кыргызстандын жараны,
В. Жер-сууларга жана кен-байлыктарга – сарамжалдуулук.
- Жогорудагылар ЫЙМАНДЫН гана үстүнө тургузулат
А. Атеисттик караңгылыктан – тунук дүйнөтаанымга;
Б. Диний сабатты өнүгүүгө – зор өбөлгө;
В. Кыргыз наркы – көөнөрбөс заманбаптык .
Биз бактылуу болууга укуктуубуз!