Саясий партиянын кыскача аталышы:«Өнүгүү-Прогресс»  с/п

ИНН 01702201210497

ЮЖБР кирүү датасы: 17.02.2012-ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү:

Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2013-ж.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 74

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Борбордук аткаруу комитети

 

 

«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

 

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. №205

Байланыш телефону: 996 (500) 555 000; E-mail:onuguu@inbox.ru

Коомдук кабылдама: Бишкек шаары, Чүй пр. №205

Интернеттеги байланыш тармактары: https://www.facebook.com/onuguuprogresskg

Расмий сайт:https://onuguu.info/

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны):Торобаев Бакыт Эргешевич

1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин  бүтүргөн. Адистиги боюнча «Экономист». Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган. 1998-1999-жылдары  айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак»  дыйкан чарбасынын төрагасы.

2000-2007-жылдары  «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору.

2007-2009-жылдары  IV-чакырылыштагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри. 2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2011-жылдан-2013-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

2013-жылдын 25-апрелинен баштап  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы.

2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.  «Ардак»  төш  белгисинин ээси. Үй-бүлөлүү, беш  баланын  атасы.

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар)

Жогорку Кенеш (15.10.2015 г.)  - 13 мандат.

Бишкек ш/к - 8 мандат 11.12.2016),Ош ш/к - 4  мандата (24.03.2016),Өзгөн ш/к -11мандат (11.12.2016), Жалал-Абад ш/к - 9 мандат (17.05.2017), Майлуу-Суу ш/к - 3 мандат (24.03.2016),
Кербен ш/к - 3  мандат (11.12.2016), Көк-Жангак ш/к - 2 мандат (27.05.2017), Таш-Комур ш/к – 4 мандат (11.12.2016), Кочкор-Ата ш/к - 3 мандат (11.12.2016), Токтогул ш/к - 3 мандат (27.05.2018), Каракол ш/к - 4 мандат (24.03.2016), Балыкчы ш/к - 5  мандат (24.03.2016), Баткен ш/к - 4  мандат (11.12.2016), Исфана ш/к - 6  мандат (11.12.2016), Кадамжай ш/к -3  мандат (28.05.2017), Кызыл-Кыя ш/к – 5мандат (11.12.2016), Айдаркен ш/к -2 мандат (11.12.2016), Кемин ш/к - 2мандат (24.03.2016), Шопоков ш/к – 4 мандат (11.12.2016), Кант ш/к - 3  мандат (11.12.2016), Орловка ш/к - 3 мандат (11.12.2016), Нарын ш/к - 4  мандат (11.12.2016).