Саясий партиянын кыскача аталышы:“ЧОҢ КАЗАТ”.
ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 02.04.2012 ж.
Саясий партиянын түзүлүүшү: Ыктыярдуу коомдук бирикме.
Уставдын кабыл алынган датасы: 01.03.2012 ж.
Катталган регионалдык филиалдардын саны: Борбордук.
Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кенешме.
“ЧОҢ КАЗАТ” САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ
Байланыш маалыматтары:
Дареги:Кыргыз Республикасы,Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү 93.
Байланыш телефону:0709257777,0779257777.
Коомдук кабылдама: Чолпон-Ата шаары, Совет көч.93.
Интернеттеги байланыш тармактары: Жок.
Расмий сайт:chongkazat.org
Чолпон-Ата ш. “ЧОҢ КАЗАТ ” партиясынын окулу:
Саясий партиянын программасы (баяндоо):
“Чоңказат” саясий партиясынын кыргыз коомунун кайра жаралуу программасы
“Чоң казат” саясий партиясынын:
- идеологиясы – улуттук кызыкчылыкты коргоо;
- саясаты – эл бийлигин орнотуу;
- укуктукталабы – адилеттүүлүктү камсыздоо.
Биздин максатыбыз коомду жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн төмөнкү программалык документтерди жана мыйзамдардын долбоорлорун сунуштайбыз.
- Улуттун өнүгүү стратегиясын.
- Улуттук идеологиянын жоболорун.
- Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолдорун.
- Коомдун жана мамлекеттин өнүгүү концепциясын.
- Кыргыз Республикасынын Конституцияcынын долбоорун.
- Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдүн долбоорун.
- Коррупциялык жол менен уурдалып-тонолгон ишканаларды, мекемелерди жана өнөр-жай объектилерин, жер тилкелерин жарандык конфискациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун.
- Мамлекеттик саясий кызматкерлерге карата люстрациялоо (тазалоо) боюнча мыйзамдын долбоорун сунуштайбыз.
Биздин ураан: Байлык, бийлик - элге, адилетүүлүк - коомго, жоопкерчилик – мамлекетке!
Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: Партиянын Төрагасы Саясий кеңештин ишин багыттайт, анын ишине ыкчам талдоо жүргүзөт, Партиянын Саясий кеңешин кийинки курултайга отчет берүүгѳ даярдоону уюштурат.
Саясий партиянын жаштар уюму:
- жаш инновациялык чиновниктердин жаңы классын түзүү, саясий билим берүү жана Кыргыз Республикасынын жаш жарандарын тарбиялоо;
- Кыргызстандын жаштары жөнүндө оң пикирди түзүү;
-КыргызРеспубликасында адилеттүү, демократиялык жарандык коомду куруу процессине жаштарды тартуу;
- Жеңилдиктерди алууда бирдейжанаэркинатаандаштык;
- Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө жигердүү кесиптик, жеке, социалдык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
-жигердүү кесиптик, жеке, алпы коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын назарына жеткирүү;
- Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү
Саясий партиянын шайлоого катышуусу:
Буга чейин «Чоң казат» партиясы шайлоого катышкан эмес, ошондой эле шайланган органдарга өкүлдөрүн дайындаган эмес.