Депутаттык программасы:
Мен жеке иш-планым томонкулор:
- Айылдык кеңештин депуттатыгына аттанып жатып айылдын көйгөйлөрүн экономикабыздын күнгөйү менен тескейин кем карч, маселелерди ойлондум. Айылыбыздын экономикалык маданий өсуш мамлекетибизге болгон салым деп түшүнөм. Демек айыл үчүн тер төгүп эмгектенүү, өнүктүрүү ар бир атулдун милдети. Айылыбызыдн шарты жаман эмес бирок аткарылбай чечилбек келген дагы маселелер жок эмес. Өнүгүүгө карай кадам таштоо мезгил талабы болуп турган чакта, баш айланткан ылдамдык менен өсүп жаткан заманбап технологиялар заманында, өгүз өлбө, араба сынба болуп кыбырап журсок мезгилден артта каларыбыз турган иш. Эгер мени эл колдоп шайланып калсам үч багытта иш алып баргым келет.
- Экономикабыздын күрөө тамыры болгон ички жолдорубуздун абалы ондоп тузөө иштери талапка жооп бергидей денгээлде калыбына келтирүү, жана зарыл жерлерге жаңысын орнотуу. Жана ошондой эле таза суу түтүктөрүн аварияга көбүрөөк учурай баштаганынан улам, солгун жерлерин көзөмөлгө алып иштегендерге көмөк көрсөтүү.
- Жаңы түзулүп жаткан көчөлордөн шарттарынын жакшырышына жардам берүү.
Электр чубалгыларын тартуу трансформаторлорду орнотуу элди жарык менен камсыз кылуу.
4 .Маданий эл агартуучулук жана спорттук маселелердин денгээлин көтөрүү.
Маданий ишибиз азыркы учурда талапка жооп бере албаганына анчалык көнүл жубатаарлык эместигин өкүндүрөт.
Кандайдыр бир көлөмдуурөөк акча бөлүнсө биринчи иретте ушуга көнүл бурам. Ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө музыкалык жабдулардын жоктугу кимди болбосун ойлондурбай койбойт. Окуучуларыбызга аркандай аспаптарды үйрөткөн кружоктор ачылса жакшы болмок. Спорт жагын -өздөштүрсөк, шарттарын жакшыртсак балдардын дени сак болушуна өбөлгө түзүлмүк.
5. Экономиканы көтөрүү жана айрым мүчүлүктөр баарыбыз билгендей эле бүтпөгөн жумуш чечилбеген көйгөй, керектүүлөрдүн баардыгы акча каражатына келип такалат.