-Мамлекеттик түзүмдөрдөгү реформалар жана коррупцияга каршы күрөш:

*Коррупциялык схемаларга аралашкан адамдардын мүлкүн конфискациялоону күчөтүү;

*Бийликте жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын кирешелерине жана чыгашаларына катуу контролду камсыз кылуу;

 *Өлкөнүн бардык аймактарын санариптештирүү менен камтууга жетишүү, маалыматтык жана социалдык камсыздоо системасын жөнөкөйлөштүрүү жана социалдык кызматкерлердин жумушун жеңилдетүү.

*Ар бир жаранды мыйзам чегинде жашоого, аны урматтоого, сактоого  чакыруу менен так жана туура багыт беришибиз керек.

Менин алдыга койгон максаттарым мен үчүн абдан маанилүү жана иш планымдын аткарылышына болгон күч-аракетимди жумшайм. Мекендештеримдин  коопсуз жана адилет өлкөдө жашоосу үчүн анык иштей турган мыйзамдардын кабыл алынуусун камсыз кылуу – эң башкы милдетим деп билем.

Урматым менен, сиздердин Чыңгыз Капаров.