«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Программасы
- Коопсуз шаар программасынын ишин мындан ары жакшыртуу. (Кылмыштуулуктун алдын алуу, экологиянын бузулуусуна жол бербөө)
- Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу (киреше, чыгаша, жергиликтүү салык маселесине көзөмөл жүргүзүп туруу) жергиликтүү салыкты көбөйтүүгө жетишүү.
- “Таза шаар” программасын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бюджеттен акча бөлдүрүү жана анын эффективдүү сарпталышына көзөмөл жургүзүү.
- Шаарыбыздын инфраструктурасын өнүктүрүү: негизги жолдорду асфальттоо, тратуарларды кенейтүү, канализация маселелерин чечүү, электр-энергиясы жана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жолго салуу жана алардын иштерин системалуу түрдө ишке ашыруу.
- Майлуу-Суу шаарынын турак-жай маселесин чечүү: инвестиция аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу. Мугалимдерге, медицина кызматкерлерине жана муктаж уйбулолорго турак жай салуу үчүн кезексиз жер тилкелерин берүү.
- Социалдык маселелер: шаарга бир мектеп жана спорт комплексин куруу, мектептердин материалдык-техникалык абалын оңдоо, билим сапатын көтөрүү. Жакыр үй-бүлөлөргө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген жарандарга ар-тараптуу жардамдарды көрсөтүү. Үй-бүлөдөгү аялдарга жана балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча коомдук уюмдар менен (КААБ) менен бирге иштерди алып баруу. Согуштун жана эмгектин ардагерлерине кам көрүү.
- Ишкерликти колдоо: ички инвесторлорду тартуу менен жаштардын, аялдардын ишкерликтерин колдоо. Шаарыбызга элибиздин турмуш-тиричилигине байланыштуу жаны ишканаларды ачуу.
- Маданиятты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу: китепканалардын-маданият үйлөрүнүн абалын жакшыртуу.
- Улуттар арасындагы достукту жана ынтымактыкты бекемдөө максатында маданий иш чараларды дайыма өткөрүп турууга жетишүү.
- Окуучуларды витаминдуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында шаарыбыздын мектептеринде чарба иштерин уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен колдоо көрсөтүү. (теплицаларды куруу)
- “Дени-сак улут” программасы боюнча жаш врачтарга жана медициналык кызматкерлерге шарт түзүү. Медициналык мекемелердин абалын оңдоо. Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча системалуу түрдөө иштерди алып баруу.
- Жылына 2 жолу шаарыбыздын шайлоочулары менен депутаттык ишмердуулук боюнча жолугушуларды өткөрүп туруу.
- Шаарыбыздын өнүгүшүнө ак-ниет кызмат кылуу.