Шаардык кеңештердин тизмеси >
Орловка шаардык кеңеши
>
"Кыргызстандын Элдик Патриоттук "ТЫНЧТЫК" партиясы" саясий партиясы
Биз программанын төмөнкү максаттарын ишке ашырууга даярбыз жана жоопкерчиликтүүбүз:
- Жаны жумуш орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнести, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
- Шаарыбызды жана айылдарды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетти натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлдөө.
- Орловка шаары, Подгорное, Кашка айылдарында суу түтүктөрүн жана канализация тутумдарын капиталдык оңдоодон өткөрүү.
- Муниципалдык жолдорду капиталдык оңдоо жана көчөлөргө жарык берүү.
- Паркты реконструкциялоо (тосмо, оюн аянтчаларын орнотуу, жашылдандыруу, ирригациялык тутумдарды калыбына келтирүү, сейил бакты жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды челектерди орнотуу).
- Шаардык бассейинди калыбына келтирүү.
- Билим берүү мекемесин (лицей, гимназия) ачуу үчүн "Теремок" бала бакчасынын имаратын калыбына келтирүү.
- Жаш үй-бүлөлөргө жеке курулуш үчүн жер тилкелерин берүү үчүн
шаардын башкы планын иштеп чыгуу жана даярдоо.
- Шаарды көрктөндүрүү максатында, турмуш-тиричилик таштандыларын чогултууну жана жок кылууну, жаңы аймактарга кошумча таштанды контейнерлерин орнотууну уюштуруу.
- Ирригациялык тармактарды капиталдык оңдоо, күнүмдүк жөнгө салуу бассейинди тазалоо.
- Дыйкандарга жеңилдетилген шартта үрөн, жер семирткичтер менен камсыз кылуу, айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
- Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү, шаардын кире беришине жана коомдук жайларга санарип видеокамераларды орнотуу.
- Эски шаардык кенештин иматарын жаштар борборун, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин жана башка коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында капиталдык ремонттон өткөрүү.
- Балдар үчүн кошумча спорттук секцияларды, өнүгүү ийримдерин ачууга жардам берүү.