
Талапкердин программасы
- Айыл тургундарынын айыл өкмөттүн деңгээлинде каралып чечиле турган
маселелерин айыл өкмөткө жеткирип, жакшы жагына чечүүгө болгон
аракетимди жумшайм.
- Жергиликтүү бюджеттен айылдын социалдык-экономикалык абалын
жакшыртууга каралган каражаттан, мүмкүн болушунча көп каражат
бөлдүрүүгө болгон аракетимди кылып, билим тажырыйбаларымды
жумшайм.
- Коншу айыл өкмөттөр менен чечилбей келген талаш жерлерди чечкенге жардам беребиз.
- Жайыт жерлерин калыбына келтирүүгө салым кошом.
-Айыл өкмөттүн чечилбей келген таза суу көйгөйүн колго алам.
-Айыл өкмөтүнүн балансасында турган трансформаторлорду Токтогул райондук РЭСине өткөрүп берүү жагын колго алам.