Саясий партиянын программасы:
Таш-Көмүр шаарынын экономикалык жана маданий жактан стабилдүү өнүгүшү үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз. Жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана келечек муундар үчүн бекем негиз түзүү.
- Экономикалык туруктуулук:
а) Шаардын бюджетин жана аны натыйжалуу пайдалануу контролдоо;
б) Ички жана чет элдик инвесторлорду тартуу;
в) Чакан жана орто бизнести колдоо.
- Социалдык адилеттүүлүк:
а) Тарбиялык жана чыгармачылык демилгелерди ар тараптуу колдоо;
б) Калктын аярлуу топторунун социалдык абалын жакшыртуу үчүн кайрымдуулук уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
- Курчап турган чөйрөнү коргоо жана шаарды жакшыртуу:
а) Шаарыбыздын чек араларын тактап генпланды бүтүрүү;
б) ВОС тармактарын иштеп чыгуу жана ишке киргизуу;
в) Шаардын флорасын жана фаунасын калыбына келтирүү;
г) Тротуарларды, жолдорду ремонттоо;
д) Парктын аймактарын, скверлерди, балдар жана спорт аянтчаларын реконструкциялоо;
е) Шаарды жарыктандыруу.
- Мурастарды сактоо жана жайылтуу:
а) Тематикалык жарманкелерди жана фестивалдарды өткөрүү;
б) Шаардын тарыхый маанилүү объекттерин коргоо;
в) Жергиликтүү өз алдынчалыкты калыптандыруу.
Биздин максат – ар бирибизде патриоттук рухту ойготуу…