«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын урааны:
«Баарыбыз бирге – кызматыбыз элге»
«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын
Токтогул райондук филиалынын программасы
“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын Токтогул райондук филиалы Токтогул шаарынын өнүгүүсү жана андагы жашоочулардын жашоосун жакшыртуу максатында негизги үч багытта иш алып барат:
- Инфраструктураны жакшыртуу
- Туризмди өнүктүрүү
- Ишкерликти колдоо
Андан сырткары “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынын Токтогул райондук филиалынын бардык мүчөлөрү төмөндөгү иштердин аткарылышын камсыздайт:
- Шаардын коопсуздугун камсыз кылуу (кылмыштуулукту, жол кырсыктарынын санын азайтуу, экологиялык абалды жакшыртуу);
- Шаардык ызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана чыгымдарды оптималдаштыруу;
- Шаардагы мектептерде билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү менен ишмердүүлүгүн жакшыртуу;
- Маданиятка өзгөчө көңүл буруу, аймакта маданий иш чаралардын тийиштүү деңгээлде өтүүсүнө өбөлгө түзүү;
- Инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү (таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, таштанды таштоочу полигондордун иреттүүлүгүн камсыздоо;
- Спорттун өнүгүшүн колдоо жана спорттук мекмелердин калктын бардык катмарларына жеткиликтүүлүгү үчун шарттарды түзүү. Критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүргөн интеллектуалдык спортту ж.б. түрлөрүн өнүктүрүү;
- Токтогул шаарында чакан жана орто бизнести, аялдардын ишкердигин ошондой эле жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү. Көп кабаттуу турак жайларды куруунун механизмин карап чыгып, ишке ашыруу;
- 20026-жылга Токтогул шаары жаңы, чыгармачыл архитектуралык жана экологиялык таза чечимдерди колдонуу менен, өлкөдө эң жашыл шаар болуп, ишкер жана заманбап шаарга айландырууга болгон күч-аракетти жумшоо.