![](/media/kenesh_gor_party/мекен_ы.png)
«МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ» саясий партиясынын
Токтогул шаары үчүн шайлоо программасы
Эл жаңы үмүттөрдү жана пландарды жаңы шайлоо менен байланыштырат. Шайлоодо жарандар келечекти тандайт!
Ички саясат:
- Биз, “Мекен ынтымагы” саясий партиясы, шаардын бардык саясий күчтөрүн жакшы жакка жана шаардын кызыкчылыгы үчүн өз идеяларыбызды жана ресурстарды инвестициялоо үчүн бириктирүү.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде шаардык бюджетке жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.
Шаардын бюджети:
- "Мекен ынтымагы" саясий партиясы муниципалдык башкаруунун жана бюджеттик саясаттын натыйжалуу ыкмаларын жайылтууга багытталган.
- Шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн сапаттуу аткарылышы үчүн жыл сайын көз карандысыз аудит жүргүзүлөт.
- Жашыруун ресурстарды ачыка чыгаруу, алардын кошулушу жергиликтүү бюджеттин көбөйүшүнө жардам берет.
- Бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө зарыл болгон артыкчылыктуу багыттарды кайрадан карап чыгуу.
Экология:
- Таза ичүүчү суу көйгөйүн чечүү. Акыркы жылдары Токтогул шаарынын айрым микроучастокторунда жана Таласбай, Акжон жаңы конуштарында ичүүчү суу менен камсыз кылууга бүт аракеттерди жумшоо.
- Шаарга саркынды сууларды тазалоочу жайдын жана канализация тутумунун курулушун логикалык жыйынтыкка келтирүү.
- Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга өзгөчө көңүл коюу менен сейил бактарга, аллеяларга заманбап мейкиндиктерди түзүу.
- Калкты тиричилик калдыктарын чыгаруу жана утилдештирүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу ичилик калдыктарын бөлүп чогултууну киргизүү.
- Жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу. Таласбай, Акжон жаңы конуштарынын көчөлөрүнүн жолдорун оңдоо иштерин жүргүзүү.
Билимдүү ынтымак:
- Мугалимдик кесиптин кадыр –баркын көтөрүүгө өзгөчө өбөлгө түзүү.
- Мектептердин жана бала-бакчалардын материалдык базасын чыңдоодогу көйгөйлөрдү чечүү.
- Билим берүүдө, спортто ийгилик жараткан окуучуларга стимул көрсөтүү.
Калкты социалдык жактан коргоо:
- Шаардык бюджеттен каражаттарды кароо жана бөлүү, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана майыптарга өзгөчө көңүл буруу.
Кадр саясаты:
- Шаарды башкарууга жаш, келечектүү, чыгармачыл жана чечкиндүү адистерди тартуу. Муниципалдык кызматка кабыл алууда "тууганчылык" принциптерин жоюу.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жагымдуулугуна жана адистердин карьералык өсүшүнө кепилдик берген кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.