"ЭЛ БИРИМДИГИ" СПнын программасы
«Эл Биримдиги» саясий партиясынын Майлуу -Суу шаарын 2024-
2029-жылдарга өнүктүрүү платформасы. "Өнүккөн заманбап шаар куралы"
- Экономика
2024-2029-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын натыйжалуу ишке ашыруу;
Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ата мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартуу;
Шаардын экономикалык потенциалын жогорулатуу: лампа заводун өнүктүрүү, жаңы технологияларды өнүктүрүү;
Чакан жана орто бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- Фискалдык саясат
Шаардык бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо;
Салык базасын кеңейтүү, көмүскө экономиканы аныктоо, издөө Кошумча киреше булактары;
Шаардын бюджетин 30 пайызга көбөйтүү;
- Курулуш, архитектура, инфраструктура
Шаардын башкы планын карап чыгуу, бекитүү жана жыйынтыктоо; Шаардын өздөштүрүлгөн жер казынасына салыктарды шаардык
бюджетке чегерүү;
Шаардын заманбап архитектуралык көрүнүшүн берүү;
Балдар, спорт жана оюн аянтчаларын куруу;
Ички жолдорду кеңейтүү, асфальттоо, тротуарларды куруу, түнкү
жарыктандыруу;
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо;
Сары-Бээ, Көк-Таш айылдарына газ берүү;
Заманбап архитектурада автовокзалдын долбоорун иштеп чыгуу;
- Турак жай саясаты
Үйлөрдүн сырткы фасадтарын, борбордук көчөлөрдү
модернизациялоо,
Фасаддарды заманбап архитектуралык көрүнүшкө айландыруу, көп жылдар мурун курулган үйлөрдүн чатырларын оңдоо
Турак жайга муктаж үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрүн тез арада чечүү
- Туризм саясаты
Туризмди өнүктүрүү;
Тарыхый эстеликтерди реставрациялоо жана жашылдандыруу;
Эс алуу жайларынын, парктардын инфраструктурасын жакшыртуу, заманбап шарттарды түзүү;
Майлуу-Суу шаарындагы балдардын «Горный» лагеринин ишин жандандыруу;
- Билим берүү
Мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу , мурда башка уюмдарга өткөрүлүп берилген бала бакчаларды кайтаруу;
Инвестициялардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен бала бакчаларды куруу;
Инновациялык билим берүү мектептерин уюштуруу, “жаш техник” ийримдерин өнүктүрүү жана ЖОЖдордун илимий борборлору менен
кызматташуу;
Жаштарды илимге тартуу, шаарды илимий борборго айландыруу; Жаңы, заманбап китепкананын курулушу;
- Саламаттыкты сактоо
Калкты медициналык тейлөөнү жакшыртуу;
Шаардык медицинаны азыркы кездеги медициналык жабдуулар мене камсыздандыруу;
Квалификациялуу медициналык адистерди тартуу жана аларга шарт түзүү: бактериолог, рентгенолог, гинеколог, рентгенолог ж.б.;
Шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматтын базасын жакшыртуу жана чыңдоо;
Вирусологиялык, радиологиялык, УЗИ иштерин уюштуруу жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу;
- Спорт жана жаштар саясаты
Спорттун түрдүү тармактарын өнүктүрүү;
Жаштар учун спорттук курулуштарды курууга жана чыцдоого езгече кецул бурулсун. Шаардык стадионду реконструкциялоо;
Жаштар саясатын өнүктүрүү, жаштардын шаарына айландыруу;
- Кызмат саясаты
Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу;
«Бирдиктүү терезе» принцибин өнүктүрүү;
Электрондук кызматтарды өнүктүрүү;
бюрократиялык тоскоолдуктарды жана коррупцияны жоюу;
Тейлөө секторунун адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
- Экология, «Таза шаар»
Шаардын тазалыгын камсыз кылуу;
Көп жылдык жана декоративдүү бак -дарактарды отургузуу. ландшафт дизайны;
Эс алуу парктарындагы жана борбордук көчөлөрдөгү бак -дарактарды сугаруу (тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү);
Инвестиция тартуу менен таштандыларды кайра иштетүүчү завод түзүү.