Шаардык кеңештердин тизмеси > Базар-Коргон шаардык кеңеши > «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясы

-Базар-Коргон шаарынын тургундарына жакшы шарт түзүү максатында тратуар, жол чырагы, ички жолдорду оңдоо жана маршрут каттамдарын көбөйтүп,мектеп окуучулары үчүн кичи автобустук каттамдарды уюштуруу.ошондой эле аялдамаларды куруу долбоорлорун ишке ашыруу.

- Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча заманбап техникалар менен камсыздоону уюштуруу.

-Мектеп, бала-бакчалардын социалдык жана инфраструктууралык көйгөйлөрүн чечүү.

- Жол тыгындарын азайтуу максатында альтернативдик жолдорду иштеп чыгуу, атайын унаа токтоочу муниципалдык аянтчаларды уюштуруу.

- Күн жана шамал энергетикасын, кичи ГЭСтерди өнүктүрүүгө, энергоэффективдүүлүктү жогорулатууга ыктаган жаңы энергетикалык программанын концепциясын иштеп чыгуу. 

- Жеке жана көп кабаттуу турак-жай куруунун Базар-Коргон шаарынын программасын иштеп чыгуу жана   жер аянттарын трансформациялоо иштерин жүргүзүү.

- Жаңы конуштарды керектүү инженердик коммуникация, анын ичинде көгүлтүр от ( жаратылыш газы), ичүүчү суу, жылуулук системасы менен жабдуу жана  социалдык-маданий объектилер менен камсыздоо.

- Жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын даректүү берилишин, аткарылышын камсыздоо.

- Шаарыбыздын жаштары үчүн заманбап спорт залдарды куруу, оңдоо. Жаштарды колдоого, аларды спорт менен машыгуусуна  эл аралык мелдештерге катышуусуна шарттарды түзүү.

-Калкты жумуш орундар менен камсыз кылуу,  чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүү.