“Ак-Нур Келечек” саясий партиясынын программасы

Социалдык  чөйрөнү жана экономиканы өнүктүрүүнү жактайт. Максаты – шаардын ар бир тургунунун татыктуу жашоосу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга жөндөмдүү натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жана активдүү жарандык коомду калыптандыруу жана өнүктүрүү.

Улуттук-маданий каада-салттарды сактоо, адилеттүүлүктү жана бакубат жашоону камсыз кылуу, өз ара сый-урматтын, мекенчилдиктин атмосферасын түзүү, элдин ишенимин кайтаруу идеялары жана максаттары менен шаардын бардык жарандарын бириктирүүнү биринчи орунга койобуз.

Бул максаттарга жетүү төмөнкү милдеттерди чечүү менен мүмкүн:

  • коомдун мүчөлөрүнө социалдык камсыздоонун бирдей шарттарынын гарантияларын берүү, бул маселе боюнча милдеттенмелерди аткаруу, жогорулатылган эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка төлөмдөрдү. Карыларды жана майыптарды, калктын корголбогон бөлүгүн кепилденген мамлекеттик коргоо;
  • Жергиликтүү бийлик органдарында реформаларды жүргүзүү:

- бийликке чыныгы патриотторду жана өз тармагындагы кесипкөй адамдарды даярдоо, жайгаштыруу жана даярдоо системасын реформалоо;

- жер менен камсыз кылуу, кендерге, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти ижарага берүү маселелеринде жалпы ачык-айкын контроль;

- экономиканы жана бизнести өнүктүрүү үчүн административдик тоскоолдуктарды кыскартуу.

Шаардын өнүгүүсү жана күчү анын экономикалык потенциалына толугу менен көз каранды, ошондуктан биз бул жааттагы конкреттүү көйгөйлөрдү төмөнкү жолдор аркылуу чечүүнү жактайбыз:

- жаңы технологиялардын негизинде экономиканы модернизациялоо;

- жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;

- өндүрүмдүүлүктү жана коопсуздукту жогорулатуу;

- заманбап продукцияны өндүрүүгө багытталган чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү.

Экономикалык өсүш үчүн продукция өндүрүүчүлөр акыркы экспорттук продукцияга багытталгандай шарттарды түзүү зарыл.