Шаардык кеңештердин тизмеси > Баткен шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Биз, “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүктүрүү саясий партиясынын Баткен шаардык кеңешинин депутаттык шайлоосуна аттанып жатып, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү, чындыкты, мекенчилдикти, адеп-ахлакты туу тутуп, Баткен шаарынын өнүгүшүнө, гүлдөшүнө, таза, коопсуз жана кооз болушуна умтулуп, ушул программаны сунуш кылабыз!

Куралыбыз-БИЛИМ!

Булагыбыз-ЫЙМАН!

  1. Адеп-ахлактык өнүгүү жана маданиятты көтөрүү
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» 1-Жарлыгын толугу менен аткарууга аракет кылуу;
  • Адеп ахлакка чакырган көрнөк жарнактарды шаарыбыздын көрүнүктүү жерлерине коюу менен жалпы шаардын калкынын маданиятынын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, заманга шайкеш келген нарктуу, адептик – ыймандык сапаттарды, маданияттуу жүрүм–турум адебин калыптандыруу;
  • Адам акылын, билимин өстүрүп, ал эми анын адебин, ыйманын өстүрбөй туруп, аны ар тараптан шайкеш өнүккөн инсан кылып жетилтүү мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселе үй-бүлөдөн тартып мамлекеттик деңгээлге чейин ар убак көңүлдүн борборунда турушу зарыл. Ага жетүү үчүн шаарда жайгашкан окуу жайлардын студенттеринин жана мектеп окуучууларынын ортосунда шаардын деңгээлинде ыйман жана адеп ахлакка чакырган Акыл таймаштарын өткөрүп турууга шаардын бюджетине акча каражаттарын кароо;
  • Коомдук өнүгүүнүн бүгүнкү кезегинде жаштарга адептик, рухий-ыймандык таалим тарбия берүүгө бөтөнчө олуттуу көңүл бурулуп отурушу жок жеринен эмес.
    Кырдаалдын татаалдыгы, адеп-ыймандын акырындап жок болуп бараткандыгы батыш өлкөлөрдүн маданияты, биздин мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайларга жана үй-бүлөгө тийгизген тааси өтө чоң. Ошондуктан жаңыча социалдык-экономикалык маселелердин орношу, коомдогу жана адамдардын ортосундагы мамилесинин татаалданышы, зордук-зомбулуктун, ыпластыктын, мансапка, байлыкка, жеңил оокатка умтулуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн орун алышы бүгүн билимдүү, маданиятуу, акыл-эстүү гана эмес адептүү, ыймандуу, өзүнүн жана элинин тагдыры үчүн жоопкер боло билген адамды калыптандыруу талабын алдыга коюуну иштеп чыгабыз. Бул баалуулуктарга биз улуу инсандардын адептик-ыйман ойлору менен жаштарды тааныштыруу максатында шаардын деңгээлинде конференцияларды, семинар-тренингдерди жана жолугушууларды уюштуруу аркылуу жетишебиз;
  • Шаардын элин кызыктыруу жолу менен театрга баруу, китеп окуу маданиятын калыптандыруу. Бул багытта ар кандай конкурстарды, маданият күндөрүн, адабият кечелерин уюштуруу;
  • Адеп-ахлактык өнүгүү жана маданияттуу болууга умтулуу аркылуу үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ар кандай терс көрүнүштөр азайып, натыйжада кылмыштуулук да азаят.
  1. Эл менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы карым-катнашты жакындатуу
  • Соц.түйүндөрдү жандантуу. Санариптешүү
  1. Шаардын экономикалык өнүгүүсү
  • Инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча милдетти 1-вице-мэрге жүктөө менен ага бул багытта ыйгарым укуктарды берүү, шаардык бюджеттен инвестицияларды жана гранттарды тартууга кеткен чыгымдарга каражат бөлүү. Бөлүнгөн каржаттардын максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жана ал каражаттарды эселеп инвестициялар жана гранттар аркылуу кайра кайтаруу;
  • 1-вице-мэрдин алдында атайын инвестициялык, бизнес жана гранттык долбоорлорду жазуучу атайын топту түзүү. Ал топту техникалык жактан колдоо жана алардын иштөө тартибин белгилөө. Аталган инвестициялык топтун инвестициялар менен иштөөчү бөлүгү сырттан жана ичтен инвестицияларды тартууга жылына 10догон долбоорлорду жазышат. Ал эми инвестициялык топтун гранттык долбоорлор менен иштөөчү бөлүгү эл аралык жана донордук уюмдардын гранттык долбоорлору менен иш алып барып шаар үчүн коммерциялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырат;
  • 1 жылда кеминде 3төн инвестициялык долбоор өткөрүү. Инвестициялык долбоорлордун жок дегенде 70%ы чет жактан инвестицияларды тартууга багытталса, 30%ы ички инвестицияны активдештирүү жолу менен ишке ашырылат. Бул – жылына жок дегенде Баткен шаарында 3 жаңы, алдыңкы ишкана курулат дегенди түшүндүрөт. Ишканалар старт-ап багытында башталып, инновациялык чечимдерди ишке ашырат. Айыл-чарбасы, кызмат көрсөтүү жана кайра иштетүүдөн баштап жеңил жана оор өнөр жайына чейинки экономикалык багыттарды камтыйт.
  • 1 жылда кеминде 3төн гранттык долбоор өткөрүү. Буга чейин Кыргызстанда эл аралык уюмдар, донорлор жана демөөрчүлөр тарабынан көптөгөн долбоорлор ишке ашырылганы менен анын ичинде Баткен шаарына өтө аз көлөмдө гранттар тартылып келген. Ушул кемчиликти жоюу максатында инвестициялык топтун гранттар менен иштөө бөлүгү жылына ондогонгон долбоорлорду жазып, анын кеминде 3-4 долбоорун өткөрөт.
  • Баткен шаарынын бюджетин көтөрүү. Ишкерлерди ар тараптуу колдоо. 
  1. Таза суу жана канализация
  • Баткен шаарынын тургундарына эң керек болгон таза суу жана канализацияны камсыз кылуу үчүн ЕББР тарабынан гранттык жана кредиттик негизде бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн мэриянын көзөмөлү чоң роль ойнойт. Ошондуктан бул иштерди аткаруу планынын убактысы жана сапаты мэриянын тыкыр көзөмөлүндө болот. Долбоордун негизинде ар бир үйгө суу түтүктөрү жеткизилип, 24 саат бою калктуу конуштар таза суу менен камсыз болот. Ал эми сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн суу эсептегичтер долбоордун биринчи этабында орнотулуп, өз жемишин бере баштады. Ушу иштерди толук бүтүрүп, элдин дагы, инвесторлордун да ишенимин актоо максатында мэрия толук аракетин жумшайт.
  1. Шаардын бюджетин кеңейтүү жана туура сарптоо
  • Салык чогултууну жөнгө салуу: салыктын ставкаларын бизнестин түрүнө, аянтына жана жайгашкан жерине карап адилет коюу; салык төлөбөгөн бизнестерди каттоодон өтүүнүн жеңилдиктери, артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ишкерлерге жеткирүү. Ошонун негизинде түшкөн салыктын көлөмүн көбөйтүү;
  • Муниципалдык мүлктөрдү ижаралоодо баш аламандыкка жол бербөө, өз убагында ижара акысын төктүртүү. Муниципалдык мүлктөрдү ижарага берүүдө ачы-айкындыкты, атаандаштыкты күчөтүү;
  • Бизнес негизинде иштеген муниципалдык менчиктеги ишкаларды көбөйтүп, киреше булагына айлантуу. Мамлекет менен жеке жактардын өнөктөштүк ишканаларын уюштуруу;
  • Баткен шаарында буга чейин иштеп келген муниципалдык ишканалардын баарын кирешелүү тармакка айлантуу: “Таза Суу” ишканасы, Жайыт комитети, “Тазалык” ишканасы. Мындан сырткары жаңы түзүлө турган таштанды кайра иштетүүчү ишкана, "EcoBatken" жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасы жана мамлекет менен жеке жактардын өнөктөштүгүндө уюштурулган ишканалардын таза пайдасынынын 80%ын ишканалардын өзүнө жумшоо жана 20%ын шаардын бюджетине төгүү.
  1. Шаарды иретке келтирүү жана жаңы ген.планды туура бекитүү!
  • Баткен шаарынын ген.планыны шаардык кеңеш кабыл алат. Азыркы ген.план 20-кылыдагы айыл статустуна иштелип чыккан. Жаңы ген.планды бүгүнкү күнгө эмес 50 жылдан кийинге да татыктуу кабыл алуу.
  • Ички каттамдарды ылайыкташтыруу, системалаштыруу.
  • Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана сыртка чыгаруу боюнча атайын регламент иштеп чыгуу (расписание, урна орнотуу, кандай таштандылар чыгарса болот ж.б.);
  • Чыккан калдыктарды жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу;
  • Калдыктарды жыйноо, сыртка чыгаруу жана кайра иштетүүчү ишкананы курууга кеткен чыгашаларды шаардык бюджеттен эмес гранттык долбоорлордон табуу;
  • Шаардын көчөлөрүн кеңейтүү, тротуарларды көбөйтүп, бузулгандарын жаңылоо;
  • Көчө боюна чейин чыгып соода кылгандарды иретке келтирүү;
  • Шаар ичине оор жүк ташуучу унааларды киргизбей, айланма жолго салуу;
  1. Коопсуз шаар
  • Шаар калкынын коопсуздугун камсыздоо максатында бардык көчөлөргө, коомдук жайлардын айланасы жана парктарга жарыктандыруу берилип, иретке келтирилет;
  • Жол коопсуздугун камсыздоо үчүн жол белгилери сызылат жана орнотулат;
  • Коомдук жайларга, көчөлөргө видео байкоо камералары орнотулат;
  • Шаар тургундары үчүн атайын ишеним телефондору активдүү иш алып барат;
  • Коомдук тамактануучу жайлардын жана башка бизнестердин санитариялык абалы жана өрткө каршы коопсуздугу өкмөттүн жардамы менен текшерилет жана стандартка ылайык абалга келтирилет.
  1. Шаарды жашылдандыруу
  • Мэриянын балансында муниципалдык "EcoBatken" жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасы негизделип, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш алып барат. Ишкана үчүн шаардын четинен 10га жер бөлүнөт жана ал жерде питомник, теплица, парниктер уюштурулат;
  • Питомникте, теплица, парниктерде өстүрүлгөн ар түрдүү көчөттөр, гүлдөр шаарда тигилет жана жарандарга да сатып киреше табат;
  • Социалдык объектилер, коомдук жайлар, муниципалдык ишканалар "EcoBatken" ишканасынын көзөмөлүндө жашылдандырылат жана субботниктер уюштурулат.
  • Шаардын ичиндеги Жибек-Жолу көчөсү менен каналдын ортосундагы бош жерге алея курууну колго алуу.
  • Аэропорт кварталындагы чоң жолдордун жээгине жашыл тратуар тургузуу.
  1. Билим берүүнү алдыга чыгаруу!

-          Аэропорт кварталына типтүү бала бакча жана мектеп куруу.

-          Мектептеги балдардын жакшы билим алуусуна шарт түзүү.

-          Баткен шаарынын мамлекеттик мектептер жетишпеген аймагында жеке билим берүү уюмдарына жер бөлүп берүү. Мектептердеги ашыкча жүктү азайтуу.

-          Шаардык маанидеги олимпиадаларды, мектеп окуучуларыны өнүктүрүү иш-чараларын уюштуруу, балдарды бүгүнкү күнгө эмес келечекке даярдоо.

-          Дүйнөлү стандарттагы АЙТИ, АНГЛИС тили борборлорун уюштуруу. Аларга орун таап берүү. 

  1. Мамлекеттин келечеги дени сак улут!
  • Баткен шаарына гранд тартуу жолу менен мамлекеттик чоң базага ээ клиникалык стационар тургузуу.
  • Шаардын так ортосундагы жугуштуу оорулар бөлүмүн, Кызыл-жол кварталындагы өпкө оорулар бөлүмүн эл жашабаган, шаардын башка аймагына көчүрүү.
  • Баткен шаарында олимпиадалык, спорттук комплекс жаратуу.
  • Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн шарт түзүү.
  1. Кадр Саясатын жакшыруу.
  • Медицина, Билим берүү, мамлекеттик ишканаларга мыкты кадрларды тартуу. Аларга керек учурунда турак-жай, жер бөлүп берүү.
  1. Элге юридикалык консультация берүү борборун уюштуруу
  • Бул юридикалык консультация берүү борбору кылмыш-жаза иштеринен башка бардык турмуштук, экономикалык жана ишкердик багытта консультация берет;
  • Жалпы консультация бекер, атайын чакыртуу менен кызмат көрсөтүү тарифтик пландын негизинде
  • Шаардын планы -
  • Газдаштыруу-
  • Спорттук, маданий иш-чаралар.