Эмгек» партиясы өз мээнети менен жүздөгөн ишканаларды жана миңдеген жумуш орундарды түзгөн жаратмандардын командасы. Биз тилектештердин, тажрыйбалуу өндүрүшчүлөрдүн жана өз өлкөсүн сүйгөн патриоттордун командасыбыз. Биздин команда ондогон социалдык долбоорлорду колдоосун улантат. Биз жумуш орундарын, социалдык инфраструктураны жана билим берүү долбоорлорун түзөбүз.
КООПСУЗДУК ЖАНА ТАРТИП
Калаабыздын тургундарынын коопсуздугу баарынан жогору турат. «Коопсуз көчө», «Коопсуз район» жана «Коопсуз шаар».
ШААРДЫ ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРАБЫЗ Бюрократия жок! «Бирдиктүү терезе». Элге ыңгайлуу болушу үчүн муниципиалдык кызматтарды санариптештиребиз. Борбор калаанын бюджетин эл көзөмөлдөйт.
КООМДУК ТРАНСПОРТ САЯСАТЫН КОЛГО АЛАБЫЗ Коомдук транспорт тармагына келген жеке инвестициянын агымын арттырабыз. Экологияга зыян келтирбеген транспорттордун түрлөрү үчүн инфраструктураны түзөбүз
СОЦИАЛДЫК БОРБОР
Социалдык жардамдарды алууну жеңилдетебиз. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылып, аларга ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Мектепке чейин жана мектепте татыктуу билим берүүнү камсыздайбыз.
ШААРДЫН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮ Шаардын дизайны боюнча атайын эреже (бирдиктүү стандарттагы) кабыл алабыз. Ландшафтык дизайнды иштеп чыгып, борбор калааны жашылдандырабыз.
ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК Жашыл экономика – шаарыбыздын экологияга зыянсыз өнүгүшү. Таштандыны сорттоо маданиятын киргизебиз.