"Жаңы Кыргызстан" партиясыКызыл-Кыя шаарындагы жашоону жогорку деңгээли жана сапаты бар шаарга айлантууну көздөйт.Биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу менен шаардыктардын алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө жана шаардын экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти өз мойнубузга алууга даярбыз.
Программанын негизги багыттары:
- Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо:
- Медицина жана билим берүүдөгү кадрдык тартыштыкты жоюу.
- Тез жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү.
- Оорулардын алдын алууну жакшыртуу жана диагностиканын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
- Ардагерлерди, пенсионерлерди жана ден-соолуг мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо.
- Экономика жана жумушка орношуу:
- Ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу аркылуу жумуш орундарын түзүү жана жашоочулардын иш менен камсыз болушун жакшыртуу.
- Кичижана орто бизнестиколдоо, жаңы сатуу тармактарына чыгууга жардам берүү.
- Шаарды көрктөндүрүү жана инфраструктура:
- Жолдорду, суу түтүктөрүн оңдоо жана энергия менен камсыздоо маселелерин чечүү.
- Шаар ичиндеги жолдордун абалын жакшыртуу жана жаңы жолдорду куруу.
- Газдаштырууну улантуу жана көчө жарыктандыруу маселелерин чечүү.
- Билим берүү жана жаштар:
- Мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.
- Жаштарды колдоо, билим алуу жана жумушка орношуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү.
- Маданий турмушту өнүктүрүү жана массалык иш-чараларды өткөрүү.
- Спорт жана сергек жашоо:
- Массалык спортту жайылтуу жана жеткиликтүү спорттук инфраструктураны куруу.
- Калк арасында туура тамактанууну жана дене тарбиялык активдүүлүктү жайылтуу.
- Экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу:
- Экологиялык абалды жакшыртуу, айлана-чөйрөнүн абалын активдүү контролдоо.
- Бюджеттик каражаттарды ачык-айкын бөлүштүрүү, жергиликтүү маселелерди чечүүгө коомчулукту тартуу.
"Жаңы Кыргызстан" партиясы шаарды активдүү өнүктүрүүгө, жашоо шартын жакшыртууга жана дени сак, маданий жактан өнүккөн коомду түзүүгө умтулат. Биз аткаруу бийлиги аркылуу шайлоочулар колдогон программаны ишке ашырууга даярбыз.