«Ишеним» саясий партиясында идеяларга бай, саясий көз карашы бар,  максат жана милдеттерди  алдына койгон ыктыярдуу жараандардын тобу. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдарына, өзүнүн Уставына жана программасына  ылайык ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

«Ишеним» саясий партиясында конкреттүү “Кызыл-Кыя шаарын туруктуу өнүктүрүүгө ” программасынын негиздери каралган:

  • “Кызыл-Кыя таза жана коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу. Шаардын көркүн ачкан, өзгөчө колорит жана комфорт берип турган жалпы коом эс алуучу жайлар калыбына келтирилип, мыкты абалда каралып туруусу абзел. Бул багытта биз 2025-жылга чейин төмөндөгү максаттарды алдыга коёбуз:
  1. Экологияны сактоого аракет иш чаралары;
  2. Тазалык ишкананын бюджетин кенейтүү;
  3. Кварталдык комитет, домкомдордун иштерин системалаштыруу, аларга мотивация берүү иш чаралары;
  4. Мамлекеттик жан жеке өнөктөштүк программасын колдонуу менен, жеке тазалык ишканаларды пайда болушуна шарт түзүү жана колдоо;
  5. Урналар жана тийиштүү жабдыктар менен камсыздоо;
  6. Паркты реабилитациялоо жана куруу;
  7. Веложол куруу;
  8. Сырткы спорттук-тренажердук аянтча куруу;
  9. Байкоочу камераларды орнотуу:
  10. Жарыктандыруу;
  11. Ишкерлерди, соода - сатык жайларды тазалык жана айлана чөйрөсү оңдоп, көрктөндүрүүгө тартуу;
  • Комфорттуу бизнес чөйрө.
  • Ачык-айкын генералдык план.
  • Таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү.
  • Жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу.
  • Маданият жана спорт
  • Билим берүү тармагы
  • Социалдык секторду жана адам потенциалын өнүктүрүү.
  • Санарип муниципиалдык кызматтар.
  • Энергетика тармагы.
  • Ыктыярчылар (волонтер), активисттерди колдоо.