Бир гана чогуу Кызыл-Кыя шаарыбыздын келечегин кура алабыз!
Шаарыбызды өнүктурүү үчүн кесипкөйлөрдүн командасы – “Ынтымак” саясий партиясына добуш бериниздер!
Биздин максатыбыз – шаарыбыздын өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар күчтүү жана гүлдөгөн Кызыл-Кыя!
Биз, “Ынтымак” саясий партиясынын кесипкөй адистеринин командасы, шаарыбыз үчүн реалдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн тажрыйбабызды, билимибизди жана күч-аракетибизди бириктирдик.
Биздин команда: -
Тажрыйба жана кесипкөйлүк: Биз – экономика укук, социалдык чөйрө, экология сыяктуу ар кандай тармактардагы тажрыйбалуу адистердин командасыбыз. Бизде шаарыбызды өнүктүрүү боюнча так көрүнүш жана конкреттүү иш-аракеттер планы бар.
- Бул программа “Ынтымак” саясий партиясы тарабынан шаарыбыздын ар бир аймагынын өзгөчөлүкттөрүн жана мүмкүнчүлүктөрү менен, ошондой эле 2024- жылдан 2029-жылга чейин шаарыбыз үчүн актуалдуу маселелерди эске алуу, ар бир аймактын өзгөчө көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.
Артыкчылыктуу багыттар:
-Коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо:
- Кызыл-Кыя шаарынын административдик чек араларын тактоо жана чечүү: коңушу райондор менен суйлошуулорго активдуу катышуу, чек ара инфраструктурасын чындоо, Мыйзам жолу менен жөнгө салуу.
- Калктын коопсуздугун камсыз кылуу: укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, укук бузулардын алдын алуу, эрте эскертүү системасын тузуу. Шаарыбызга акысыз юридикалык маалымат алуу борборун ачуу жана өнүктүрүү.
Экономиканы өнүктүрүү:
-Айыл чарбасын колдоо: мал чарбачылыгын, багбанчылыкты, дыйканчылыкты өнүктүрүү, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү. -Жаңы жумуш орундарын түзүү: инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, өнөр жай ишканаларын түзүү.
-Туризимди өнүктүрүү: жаны туристтик маршруттарды түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, шаардын туристтик потенциялын жайылтуу.
Инфраструктураны жакшыртуу:
-Таза сууга жетүүнү камсыз кылуу: суу менен камсыздоо системаларын куруу жана оңдоо, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү. -Шаарыбыздын тратуарларын заман талабына ылайыктуу, шаарыбыздын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарт түзүүнү колго алуу жана скверлерди, кичи парктарды, жаш балдар ойноочу аянтчаларды көбөйтүүнү колго алуу.
Жашоо сапатын жогорулатуу:
-Билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү: мектептерди оорууканаларды куруу жана оңдоо, квалификациялуу адистерди тартуу. - Шаарыбыздын Караван аймактык башкармалыгына караштуу, жеке турак жай куруу үчүн трансформацияга ажыратылган долбоорду ишке ашыруу.
Негизги долбоорлор:
-Шаарыбыздын коопсуздугун чындоо жана укук бузуулардын алдын алуу программасы.
-Шаарыбыздын агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү: дыйкандарды колдоо, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, агро класстерлерди түзүү.
- Шаарыбыздын жолдору: Шаарыбыздын калктуу конуштарын байланыштырган жергиликтүү маанидеги жолдорун куруу жана реконструкциялоо.