- Сүлүктү шаарынын Исхак Раззаков атындагы борбордук аянтты улуттук коларитте заманбап, тарыхий ордого айлантуу.
- Кыргыз эл батыры улуу инсан Исхак Раззаков атабыздын туулган жери Коросон айылына атабыздын эскерүү эстелигин жогорку денгээлде реконструкциялоо.
- Сүлүктү шаарынын борбордук эс алуу паркына заманбап атракциондорду пландаштыруу.
- Негизги көчөлөрдөгү көп кабаттуу турак жайлардын сырткы көрүнүшүнө көнүл буруу.
- Шаарыбыздын негизги авто жолдорун жана айылдардын ички жолдорун ондоо. Шаарыбыздын тазалыгына басым жасоо, көзөмөлгө алуу, таштандылар үчүн заманбап урналарды орнотуу. Жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү.
- Бүгүнкү күндө шаарыбыздагы жаш үй-бүлөлөргө турак-жай куруга жер маселесин мыйзам чегинде чечүүнү көзөмөлдөө жана жаштарга колдоо көрсөтүү.
- Саркынды сууларды (канализация) маселесин шаардык денгээлде чечүү. (Кош-Булак, шаардын ичи) Жергиликтүү бюджеттен жана инвесторлор менен иштөө.
- Билим берүү тармагын көтөрүү жана тыгыз байланышта болуу: Мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүп берүү;
- Саламаттыкты сактоо жаатында чогу кызматташуу, тыгыз байланышта болуу.
- Спортту көп тармактуу өнүктурүү, грек күрөшү жана бокс боюнча жаш балбандарга заманбап спорт имаратын керектүү шарттары менен куруу.
- Шаарыбыздын экономикасынын өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы элдин биримдиги, улуттар аралык ынтымакты сактоого, “Улууларга урмат – кичүүчөлоргө ызат” ураны менен онүккөн шаарга айланттуу.
Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары, “Жаны Доор” саясий партиясы менен Сүлүктү шаардык кенешине талапткер катары аттанып, сиздерге өзүбүздүн кыскача программабызды шаарыбыздын бюджетине жараша сунуштап атабыз. Себеби, биз шаарыбыздын келечеги, элибиздин кызыкчылыгы үчүн аткарыла турган, колубуздан келе турган программабызды сунуштадык. Кудайдын каалоосу, сиздердин колдоонуздар менен “Жаны Доор” саясий партиясы татыктуу добуш тапса, жогоруда айтылган программабыздын аткарылышына толук илимибиз, билимибиз, саясий эркибиз жана күчүбүз жетет деп сиздерди ишендирип кетебиз.