«Адилет» саясий партиясы сиздерге адилеттүүлүк, ачыктык жана туруктуу өнүктүрүү принциптерине негизделген программасын сунуштайт. Биз ар бириңиз үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө түзүүнү максат кылабыз.

Программабыз төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  1. Социалдык блок.
    • Шаар аймагында медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.
    • Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.
    • Муктаж болгонүй-бүлөлөрдү колдоо максатында социалдык долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашыруу
    • .
  2. Экономикалык өнүктүрүү.
    • Инвестициялык долбоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
    • Жаңы өндүрүштөргө жана инфратүзүм долбоорлоруна инвестицияларды тартуу программаларын иштеп чыгуу, кесиптик даярдоо программаларын колдоо.
    • Туристтик маршруттарды түзүп, жергиликтүү көркүнү өркүндөтүү.
    •  
  3. Инфратүзүм, экология жана транспорт.
    • Жалпы транспорт системасын модернизациялап, ыңгайлуу өткөрмө түйүндөрүн түзүү.
    • Жашыл аймактарды көбөйтүү программасын ишке ашыруу.
    • Чарба калдыктарын бөлүп жыйноо.
    • Үй-бүлөлөргө газификация боюнча жардам көрсөтүү.
    •  
  4. Коопсуздук.
    • Шаар аймагында «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүү.

«Адилет» Саясий партиясы Сулукту шаарынын пайдасы үчүн иштөөгө даяр. Биздин талапкерлер шаардагы көйгөйлөрдү жана алардын чечимдерин жакшы билишет.

Адилетүү добуш берүүгө кезек келди!

Биздин программаны колдоп, Сүлүктү шаарынын келечегин бирге куралы!