Шаардык кеңештердин тизмеси > Кадамжай шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Биз, «Социал-демократтар» партиясынан Кадамжай шаардык Кеңешине талапкерлери бүгүнкү күндө шаарда инфраструктуралык жана жумушсуздук көйгөйлөрү өтө курч маселе деп эсептейбиз. Мындан сырткары жашоочуларды сел жана суу капттоо кырсыктарынан сактоо коопсуздугун камсыздоо. Ушуга негиздеп, биз шаардык Кеңешке төмөнку программаны ишке ашуусун сунуштайбыз:

- Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо маселесин чечүү. Себеби Кадамжай сурьма комбинатынын жылуулук  мештери  көптөгөн жылдардан бери иштебейт жана жок болуп кеткен, мындан ары жылуулук кызматын көрсөтө албайт. Шаардык бийлик бул көйгөйдү чечүүсүн зарыл деп эсептейбиз. Суук түшкөн мезгилде электроэнергия менен жылытуу өтө кымбатка түшөт. Ошондуктан, жылытуу системаларын кайра куруу жана уюштуруу боюнча доолборун сунуштайбыз.

- Таза суу менен камсыз кылуу, саркынды түтүктөрүн туташтыруу, тазалоочу жайларындагы (очистных сооружений) башталган иштерди аягына чыгаруу. Өткөнку жылы Кыргыз Республикасы бир нече шаарларды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө, сырткы карыз алуу боюнча КРнын Жогорку Кеңеши мыйзам долбоорун бекитип берген. Ал шаарлардын ичине Кадамжай шаары дагы кирген. Бирок бул доолборду ишке ашырууда, такай көзөмөл жүргүзүү зарыл, себеби кээ бир шаарларда көзөмөл жоктугунан, таза суу менен камсыздоо иштери сапатсыз жана жетишсиз жасалууда. Буга мисал катары көптөгөн шаарлардагы таза суу көйгөйү өтө курч болуп жаткандыгы белгилүү. Бул маселени биз көзөмөлдөөгө даярбыз.

- Сурма комбинатын, көптөгөн жылдык таштандылары, анын экологиялык кооптуулгу шаардын жашоочуларын тынчсыздандырат. Аталган таштандынын курамында оор метталдар, сымап ж.б.у.с. уулуу затар бар экенин экологиялык эксперттер маалымдап келишет. Демек бул уулуу заттар калктын денсоолугуна зыян. Бул көйгөйдү чечүүдө шаардык Кеңештин депутаттык курамы, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (МЧС) бөлүмү жана коомчулук менен биргеликте таштанды ташталган жайдын (хвостохарнилище) коопсуз абалында болуусун көзөмөлдөйбүз.

- Шаарды жаратылыш кырсыктарынан сактоодо өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте сунуштарды жана иш чараларды иштеп чыгабыз. Кадамжай шаары, коопсуз шаар болуусу зарыл!

- Шаарда, шаар түзүчүү өндүрүш ишканасы жок. Жаңы өндүрүш ишканаларын ачууда, кичи жана орто ишкерлерди колдоодо мамлекетке жардам көрсөтүүбүз зарыл.

- Шаарда жаңы бала бакча жана мектептердин курулушуна демилгелерди сунуштайбыз.