«Биз Кадамжай шаарынын ондурушу,эканомикасы кучтуу, интелектуалдуу, таза шаарга айландырабыз».
- Экономиканы өнүктүрүү үчүн кичи ишканаларды түзөбүз, жандандырабыз, мамлекет менен жеке ишкердик кызматташууну жандандырабыз, күчөтөбүз.
- Жарандык укуктарды корголушун мыйзам чегинде болушун талап кылабыз, коргойбуз.
- Жаш үй-бүлөлөрдү жер участок, турак жай менен камсыз кылуу боюнча ипотека программасын колдойбуз.
- Биз медицинанын күйгүйлүү маселелерин, жарандардын жашоо образын жана тамактануунун сапатын жакшыртууну колго алабыз.
- Сугат сууларын жеткирүү үчүн каналдарды куруп жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жеткирүүнү аракетинде болобуз.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишкердикке, коомдук иштерге катышуусун мүмкүнчүлүк түзөбүз.
- Жаштарга билим тарбия берүүдө алдыңкы техналогияларды колдонууга көмөктөшөбүз.
- Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, үйрөтүү үстүндө дайыма иштейбиз, чек араны коргоп мекендин сакчылыгына бөлөбүз.
- Табият менен аяр мамиле жасайбыз. Экологияны коргоо биз үчүн орчундуу маселе.
- Спортту өнүктүрүү, дени сак жаран-мамлекеттин келечеги.