«Ынтымак» саясий партиясынын Айдаркен шаарын өнүктүрүү программасы

Келечекте Айдаркен шаарын билим берүүнүн жана туризмдин борборуна айландыруу үчүн реалдуу программанын негизинде сиздер менен барабыз. Бул үчүн биз төмөнкү программаны сунуштайбыз:

 Айдаркен жаратылышы жана тарыхы менен туристтер үчүн жагымдуу шаар. Биздин максат Айдаркенди туристтик шаарга айландыруу. Кийинки 4 жылдын ичинде «Айдаркен» жана «Гауян» жайкы жана кышкы эс алуу жайларына келгендердин санын көбөйтүү.

  • Билим берүүнү өнүктүрүү
  • Шаарда аскердик жана кесиптик окуу жайларын ачууну пландап жатабыз.
  • Ачык сынак аркылуу Айдаркен шаарынын туристтик брендин өнүктүрүү, “Айдаркен – меймандос шаар” философиясын жайылтуу.
  • Биз туристтик көчөлөрдү жана туристтик жайларды уюштурабыз.
  • Шаардын тарыхы боюнча заманбап музей ачабыз.
  • Ички туризмди өнүктүрүү үчүн объектилерди иретке келтиребиз.
  • Шаарда аскердик жана кесиптик окуу жайларын ачууну пландап жатабыз.
  • Айдаркен шаарындагы мектептерди (1-5-класстар) китеп сатып алууга жергиликтүү бюджеттен жыл сайын 100 пайыз каражат бөлүп берүү.
  • Ички жолдорду асфальттоого жыл сайын каражат бөлүү.
  • Шаарыбыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ишкерлерге жеңилдиктер.

Натыйжада шаардын бюджети көбөйүп, эл кошумча киреше алат. Шаар жакшы жакка өзгөрүп, жумуш орундары түзүлөт. Шаардын гүлдөшү үчүн биринчи кезекте анын экономикасына, экологиясына көңүл бурушу керек. Жеке ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Анан шаардын бюджети көбөйөт.

  • Туризм, медицина жана билим берүү тармагынан баштап, чакан бизнести өнүктүрүүгө жеңилдиктер жана колдоолор көрсөтүлөт.