- Жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашыруу. Биз элди, а.и. жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо максатында жерлерди трансформация кылып турак үй куруу үчүн бөлүп берүүнү ишке ашырабыз. Трансформация жумуштарын ар 10-15 жылда эмес, жыл сайын же үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздайбыз. Ошондо жыл сайын кеминде 200-300 үй-бүлөгө жер участкасы бөлүнүп берилет. Аягында жер участокко муктаждык жылдар өтүп жоюлат.
- Жол тыгындарын алдын алуу жана шаардын жолдрун асфальттоо иштери. Биз борборуздун транспорт системасын модернизациялоого, анын ичинде жол инфраструктурасын оптималдаштырууга, кыймылды башкаруунун интеллектуалдык системасын киргизүүгө жана коомдук транспортту өнүктүрүүгө умтулабыз. Ошондой эле коомдук транспорт системасына транспорттун альтернативдүү түрлөрүн киргизүүнү жактайбыз. Бул чаралар тыгындарды азайтууга жана шаардыктардын кыймылын жакшыртууга жардам берет. Конкреттүү айтканда муниципалдык коомдук трнаспорттун иштеши жолго коюлат, б.а. мэриянын алдында өзүнчө бусиктердин жүргүзүлөт. Ошондой эле ар жылы шаардан 2-3 көчөлөрүн асфальттоону колго алабыз.
- Коррупцияга каршы көмөктөшүү. Биз коррупцияга каршы саясатты улантууну колдойбуз жана шаар бийлигинин ачык чечимдерди кабыл алуу процессине көңүл бурабыз. Биз үчүн коррупция мүмкүн болбой турган шарттарды түзүү маанилүү.
- Билим берүү системасын өнүктүрүү. Шаарыбызда ар бир бала заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим алуусу үчүн жаңы мектептерди жана билим берүү мекемелерин куруу маселесин көтөрөбүз. Билимге инвестиция салуу – бул биздин балдарыбыздын келечегинин ачкычы. Жаңы конуштарда мектептерди жана балдар бакчаларын куруу олуттуу маселе катары каралат.
- Таза суу тартыштыгынын маселеси. Ичүүчү таза сууга жетүү биздин приоритетибиз. Биз жаңы скважиналарды казууга активдүү көмөктөшөбүз жана турак жайларда суунун жетишсиздигин чечебиз. Ошондой эле сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн акылдуу эсептегичтерди киргизүүнү сунуштайбыз. Бул суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат. Жаңы конуштарга ичимдик суу жеткирүү негизги багыттардын бири болот.
- Жашыл шаар. Биз жашыл аймактарды жана парктарды көбөйтүүнү, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жашылдандырууну жана ыңгайлуу коомдук жайларды түзүүнү жактайбыз. Дени сак экология – бул шаардыктардын ыңгайлуу жашоосу жана биздин жалпы келечегибиз.
Бул кадамдар бизге Раззаковто жашоо үчүн ыңгайлуу жана заманбап шаарга айлантууга жардам берет. Биздин программада ар бир жашоочунун өнүгүүсү жана бакубаттуулугу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр каралган.