Бизди шайлоодо колдой турган бардык шайлоочуларга алдын ала чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Алгач жарандарыбыздын колдоосу менен көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып, социалдык жана муниципалдык объектилерди калыбына келтирдик. Ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери чечилди. Жалпысынан командалык эмгектин аркасында чоң натыйжаларга жетишилди.
Жемиштүү иш үчүн бизде жаштык, энергия, коомчулукта тажрыйба жана көптөгөн идеялар бар. Албетте, пландарыбызды ишке ашыруу үчүн сиздердин колдооңуздар керек. Бүгүн биз сиздерге биздин турмуштук жана кесиптик тажрыйбабызга негизделген шайлоо программабыз, ошондой эле тургундар тынымсыз айтып жаткан көйгөйлөр жана сунуштар менен кайрылабыз.
Артыкчылык 1.
- Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү.
1.1 Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу;
1.2 Жолдордун авариялык абалын жоюу;
1.3 Инфраструктуранын абалын жакшыртуу;
1.4 Экологиялык жактан таза шарттарды камсыз кылуу, атап айтканда уюшкан полигондорду жана калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү;
1.5. Балдардын жана жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
1.6. Муниципалдык ишкананын ишин жакшыртуу;
1.7. ирригациялык системаны калыбына келтируу жана жакшыртуу. Артыкчылык
- Токмок шаардык мэриясынын кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш:
2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү коомчулуктун өнөктөштүгүн өнүктүрүү жана чыңдоо;
2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) кызматкерлерине шарттарды түзүү жана эмгек акысын жогорулатуу;
2.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (ЖӨБ) жана башка кызматтарда бюрократизмге каршы күрөш;
2.4. “Кадрлардын жетишсиздигин” жоюу жана жаш адистерди алгачкы жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында жаш адистерди социалдык жактан колдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Биз сиздин конструктивдүү сунуштарыңызды кабыл алууга ар дайым кубанычта болобуз, аларды ишке ашыруу менен биз жакшыраак жашай алабыз.
Урматтоо менен, Ынтымак партиясынын Токмок шаардык бөлүмү.