Биздин программа беш багыттан турат:
- Тең мүмкүнчүлүктөрү бар шаар
Биздин максатыбыз – шаарыбыздын бардык жарандарынын материалдык жана руханий бакубаттуулугу.
Биздин артыкчылыктар – тең мүмкүнчүлүктөрү бар шаар, мүмкүнчүлүктөрдүн тең укуктуулугуна, адилеттүүлүккө жана өзүнө татыктуу жашоо шарттарды камсыз кыла албагандар үчүн коомдук жоопкерчиликти алуу принциптерине негизделген саясий системанын концепциясы . Биздин максат -шаардын бюджетин көбөйтүү.
- Инновациялык шаар
Биздин максат - инновацияларды экономикалык өсүштүн негизине айландыруу, Кемин шаарынын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.
Биздин артыкчылыктарыбыз - бул ойлоп табууларга шарт түзүү, инновацияларды киргизүү жана жаңы технологияларды импортоону стимулдаштаруу.
- Жашыл экономика
Биздин максат – Кемин шаарында жашыл экономиканы милдеттүү жана негизги факторго айландыруу.
Биздин артыкчылыктар: экологиялык жактан таза тамак-аш жана керектөө товарларын өндүрүү: энергияны үнөмдөө жана жоготууларды азайтуу: сууну үнөмдөө: энергиянын альтернативдүү кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү. Таштандыларды кыскартуу жана кайра иштетүү.
- Эркиндик
Биздин максатыбыз - шаарда жарандык эркиндикти камсыз кылуу, бардык деңгээлдеги адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо.
Биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз –жарандык коомду активдүү жашоо образы менен колдоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, эркиндик, ой, дин, сөз эркиндиги шаардын ар бир гражданынын укуктары, экономикалык эркиндиктери, жергиликтүү бюджетке салыктык эмес кирешелердин салыктык жүгүн жогорулатуу.
- Элдик бийлик
Биздин максатыбыз - эл менен болуу жана элдин ыраазычылыгы үчүн кызмат кылуу.
Биздин артыкчылыктар: заманбап талаптарга жооп берген, шаарды өнүктүрүү боюнча так көз карашы жана стратегиясы бар, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеген командасы бар компакттуу, эффективдүү башкаруу орган - бул биздин идеяларыбызды ишке ашыруунун ачкычы.