Иштин негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүү;

2) салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, үй-бүлөнүн ролун чыңдоо, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо;

3) өсүп келе жаткан муунга жоопкерчиликти, чечкиндүүлүктү, мекенчилдикти тарбиялоо, руханий-адептик баалуулуктарга негизделген активдүү жарандык позицияны калыптандыруу;

4) улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жетим балдарды, аз камсыз болгон адамдарды жана башка категориядагы жарандарды социалдык жактан колдоо боюнча мамлекеттик мыйзамдардын жана программалардын аткарылышын контролдоо.

5) калктын иш менен камсыз болушун жана өз алдынча иш менен камсыз болушун камсыз кылуу;

6) аймактарды жакшыртуу, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү;

7) жашоочулардын эс алуусу жана бош убактысын өткөрүүсү үчүн шарттарды түзүү;

8) Кемин шаарындагы спорттук жана балдар аянтчалары, мектептин спорт залдары үчүн жабдуулар;

8) аймакка иштин бардык тармактарынан адистерди тартуу жана аларды турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзөт;

9) гранттык долбоорлор жана инвестициялар аркылуу Кемин шаарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кошумча каражаттарды жана ресурстарды тартуу.

Шаарды комплекстүү жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде эл чарбасынын тармактарын колдоого багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашырууга күч-аракеттерди багыттоо зарыл:

1) орто жана мектепке чейинки билим берүү тутумун модернизациялоо, билим берүү мекемелеринин жана социалдык кызматтардын имараттарын куруу жана капиталдык оңдоо;

2) калкты толук жана жетиштүү ичүүчү суу менен камсыздоону калыбына келтирүү, баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринин (ФАП), дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу;

3) гранттык каражаттарды жана инвестицияларды тартуу жолу менен Кемин шаарынын микрорайондорун калыбына келтирүү аркылуу жарандардын: жаш үй-бүлөлөрдүн жана жаш адистердин жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу.