1. Тең мүмкүнчүлүктөрү бар шаар.

Биздин максатыбыз – шаарыбыздын бардык жарандарынын материалдык жана руханий   бакубаттуулугу.

Биздин артыкчылыктар – тең мүмкүнчүлүктөрү бар шаар, мүмкүнчүлүктөрдүн тең укуктуулугуна, адилеттүүлүккө жана өзүнө татыктуу жашоо шарттарды камсыз кыла албагандар үчүн  коомдук жоопкерчиликти алуу принциптерине негизделген саясий системанын концепциясы . Биздин максат -шаардын бюджетин көбөйтүү.

  1. Инновациялык шаар.

 Биздин максат - инновацияларды экономикалык өсүштүн негизине айландыруу, Орловка шаарынын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.

Биздин артыкчылыктарыбыз- бул ойлоп табууларга шарт түзүү, инновацияларды киргизүү жана жаңы технологияларды импортоону стимулдаштаруу.

Биз илим жана маданияттан, билим берүү системасынан баштап инновацияларды киргизебиз.

  1. Жашыл экономика.

 Биздин максат – Орловка шаарында жашыл экономиканы милдеттүү жана негизги факторго айландыруу жана өз кезегинде Орловка шаарын экологиялык жактан таза продукция өндүрүү боюнча аймактык борборго айландыруу.

Биздин артыкчылыктар: экологиялык жактан таза тамак-аш жана керектөө товарларын өндүрүү: энергияны үнөмдөө жана жоготууларды азайтуу: сууну үнөмдөө: энергиянын альтернативдүү кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү. Таштандыларды кыскартуу жана кайра иштетүү.

  1. Гумандуу шаар

Биздин максат шаардагы кылмыштуулукту азайтуу,  Орловка шаарында жана Подгорное, Бордунский калктуу конуштарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды киргизүү.

  1. Эркиндик

Биздин максатыбыз - шаарда жарандык эркиндикти камсыз кылуу, бардык деңгээлдеги адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо.

Биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз –жарандык коомду активдүү жашоо образы менен колдоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, базардын өнүгүшүнө шаардык мэриянын кийлигишүүсүн азайтуу, эркиндик, массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы, ой, дин, сөз эркиндиги шаардын ар бир гражданынын укуктары, экономикалык эркиндиктери,  жергиликтүү бюджетке салыктык эмес кирешелердин салыктык жүгүн жогорулатуу.

  1. Элдик бийлик.

Биздин максатыбыз - эл менен болуу жана элдин ыраазычылыгы үчүн кызмат кылуу.

Биздин артыкчылыктар: заманбап талаптарга жооп берген, шаарды өнүктүрүү боюнча так көз карашы жана стратегиясы бар, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеген командасы бар компакттуу, эффективдүү башкаруу орган- бул биздин идеяларыбызды ишке ашыруунун ачкычы.