Шаардык кеңештердин тизмеси > Шопоков шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

СД  Саясий Партиясынын Шопоков шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн арттыруу боюнча 7 кадам Программасы

1-кадам: Шопоков шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында эл аралык долбоорлорду, гранттарды тартуу;

2-кадам: Таштандыларды өз убагында чыгарууну жөнгө салуу менен Шаарыбыздын тазалыгын сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу;

3-кадам: Билим берүү системасын өнүктүрүү долбоорлорун тартуу, келечек муундун билим сапатынын жогоруулашына камсыз көрүү менен Шаарыбызга жаңы мектептин курулушун ишке ашыруу;

4-кадам: Жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу, медициналык кызматтарды кеңейтүү менен заманбап ФАПты ачуу;

5-кадам: Ар бир үйгө көгүлтүр отту киргизүү жана Шаарыбызды газ менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу;

6-кадам: Финансылык жана инвестициялык долбоорлорду колдоо жана тартуу менен Шаарыбыздын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу;

7-кадам: Коомдук спорттук жана маданий иш-чараларды уюштуруу менен Шаарыбыздын жашоочуларынын ден соолугун  чыңдоо, руханий өнүгүүсүн камсыздоо, “Дени сак жана маданий баалуулуктарга таянган” жаңы муунду тарбиялоо.