Шаардык кеңештердин тизмеси > Талас шаардык кеңеши > "Эл Үмүтү социал-саясий партиясы" саясий партиясы

  1. Коопсуз шаар. Мектептерге, бала-бакчаларга жана шаарыбыздын кооптуу жерлерине кошумча видео байкоо камераларын орнотуу жана заманбап жарыктандыруу системасына өтүү.
  2. Коррупцияга каршы көмөктөшүү. Мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын улантууну толук колдойбуз жана шаар бийлигинин ачык чечимдерди кабыл алуу процессине көңүл бурабыз. Биз үчүн коррупция мүмкүн болбой турган шарттарды түзүү маанилүү.
  3. Билим берүү системасын өнүктүрүү. Шаарыбызда ар бир бала заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим алуусу үчүн жаңы мектептерди жана билим берүү мекемелерин куруу маселесин көтөрөбүз. Билимге инвестиция салуу – бул биздин өлкөбүздүн жаркын келечегинин ачкычы.
  4. Таза суу жана саркынды суу түтүктөрүнүн тартыштыгынын маселеси. Талас шаарын таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн толугу менен камсыз кылуу биздин негизги максатыбыз. Биз жаңы скважина казууга активдүү көмөктөшөбүз.
  5. Жашыл-Эко шаар. Биз жашыл аймактарды жана парктарды көбөйтүүнү, шаар ичин жашылдандырууну жана ыңгайлуу коомдук жайларды түзүүнү жактайбыз..
  6. Коомдук транспорт. Шаарыбызда муниципалдык коомдук траспорт ишканасын ачуу менен ички каттамдарды газ жана электр кубатуулугу менен жүрүүчү автобустар менен камсыздоо жагын колго алуу.
  7. Шаарды эффективдүү башкаруу. Биз шаардык ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, шаарды башкарууга заманбап технологияларды киргизүүгө жана бюрократиялык кечигүүлөрдү кыскартууга багыт алабыз.