Шаардык кеңештердин тизмеси > Талас шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Биз, “Социал-демократтар” партиясынан Талас шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлер шайлоодон кийин төмөнкү маанилүү маселелерди чечүүгө басым жасагыбыз келет. -жарандарды ичүүчү таза суу, канализация менен камсыздоо, тазалоочу курулуштарды куруу. Кезинде шаардагы канализация туура эмес курулуп, жаңыланууга муктаж. Мындан тышкары жаңы аймактарга канализация орнотуу керек.

- Жол курулушу боюнча акыркы эки жылда шаардын көптөгөн көчөлөрүнө асфальт төшөлүп бирок алар тротуарды «унутуп» коюшту. Шаарда жөө жүргүнчүлөр үчүн инфраструктура каралган эмес, велосипед жолдору да жок. Эми шаарда 50 чакырым тротуар жана велосипед жолдору түзүлөт деп убада берип жатышат. Арабызда жашаган адамдарды унутпашыбыз керек
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн биз алар үчүн үндүү светофорлорду, шаар боюнча кыймылдын жеткиликтүүлүгүн көрсөткөн белгилер менен унаа токтотуучу жайды камсыздашыбыз керек.

-Мэриянын шаар жетекчилигинин чабалдыгынан Талас шаарынын генпланы бекитилбей келет. Генплан бул чындыгында шаарды өнүктүрүүнүн 20-25 жылдык программасы, анын өнүгүшү дайыма соттук териштирүүлөр, жаңжалдар менен коштолот, бирок жыйынтык жок. Шаарды өнүктүрүүнүн муктаждыктарына жооп берген генералдык пландын жакын арада бекитилишин камсыз кылабыз!

- Биз шаарды газдаштырууну тездетүүгө аракет кылабыз, бул көмүргө болгон көз карандылыкты азайтууга жана Таластын экологиясын жакшыртууга жардам берет.- Полигонду ирээтке келтирүү жана аткарылган иштердин сапатын көзөмөлдөө боюнча иштердин аягына чыгышына жетишебиз. Шаардын ичиндеги жана анын жанындагы стихиялуу таштандылар менен күрөшөбүз.

- Биздин программанын маанилүү бөлүгү массалык дене тарбия жана спортту, атап айтканда футболду өнүктүрүү болуп саналат. Биз «Семетей-Талас» футболдук командабызга колдоо көрсөтүүгө, балдардын кышкы сезондо машыгуусу үчүн шаарда жабдылган жабык футбол аянтчаларын түзүүгө даярбыз. «Газпром» куруп жаткан ден соолукту чыңдоо борборун эффективдүү пайдалануубуз зарыл.

-Биз атактуу “Манас-Ордо” комплексибиздин мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо жана өнүктүрүү менен Таласты ички жана эл аралык туризмдин борбору катары таанытууну көздөп жатабыз.