Шаардык кеңештердин тизмеси > Чолпон-Ата шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Урматтуу шайлоочум, сиз ар бир адамга ал аркылуу   партияга добуш берүүдө, алардын буга

чейин аткарган ишине, тарыхына сөзсүз көңүл буруңуз!

«Социал-демократтар» партиясы шайлоо алдында эле түзүлө калган эмес, жана ал  жыл бою

элдин социалдык маселеси менен  тынбай иштеген борбордук штабы бар, ишеничтүү партия.

Аны тастыктоо үчүн www.sdk.kg  сайтына кирип, Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү 4Б

даректен тастыктасаңар болот.

Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы социал-демократтар шайлоо алдында төмөнкүдөй максаттарды

алдына койду:

1.Чолпон-Ата шаарынын кире беришине, аймактын аталышы жазылган эң белги коюуу үчүн

атайын конкурс жарыялап,ишке ашыруу;

2.Өткөн жылы шаардын бюджети 167 млн, Бостери аймагыныкы 90 млн сом болсо аны 2025-

жылы көтөрүү; (Жаны курулуштар, жаны  соода борбор, кафелер, өндүрүш мекемелердин

эсебинен)

3.Чолпон –Ата шаарынын бюджети ачык болуш үчүн, атайын маалымат сайт иштөө керек. Ага

электрондук кайрылуулар жайгаштырылып, коомчулук  менен электрондук да  диалог  жүрүп

туруш керек;

4.3-кичи районду  таза суу менен камсыздаттыруу. Ага келген долбоордун эмнеге ишке ашпай

келатканын иликтөө,аягына чыгаруу;

5.Курорттук аймакта таштанды маселеси  өтө оор боюнча калууда. Жайкы эс алуу сезонунда

күнүнө 50 машина таштанды төгүлгөн Бостери айылындагы таштанды жай, 2020-жылы долбоор

жардамы  менен иргөөчү гана этабы  кирип, калганы ишке ашкан жок.Мамлекеттик деңгээлде

ошол ишти  аягына чыгартуу;

6.Кумтор  алтын кендин эсебинен  түзүлгөн “Экологиялык фонд” кайра жандандырып, анын

эсебинен таштандыны кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу.

7.Кир сууларды тазалоочу  системаны толугу  менен ондоттуруу.Ага алынган кредиттердин

максаттуу жумшалганын көзөмөлдөө;

8.Жаны конуштардагы жарыктандырууну жакшыртуу;(Айрыкча, Чолпон-Ата шаарындагы

Гагарин, Арал,Жаштык,Колесников, санаторский, Турусбеков , Курортный көчөлөрү)

9.Билим берүү, медицина тармагындагы адистерди биздин аймакка  тартуу үчүн  жатакана

маселесин чечтирүү;

10.Туристтик борбор болгон Чолпон-Ата шаарына жалпы эс алуучу жайлар, үйлөр боюнча

маалыматтык борбор ачуу;

11.Калк жыш  жайгашкан кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, көп кабаттуу

үйлөрдүн архитектуралык туспөлүн бузгандарды калыбына келтиртүү;(балконду

улап,дүкөн,бөлмө куруп алган);

12.Курулуш бутпой жаткан чарбасыз курулуштардын башын ачтырып, мамлекеттик ипотекалык

компания аркылуу, ошол турак жайларды муктаждарга куруп бүткөртүү;

13.Чолпон-Ата шаарындагы курулуп баштаган ипотекалык үйлөргө кезекке турууда, МИК

адилет болуштуруу үчүн,жергиликтүү көз карандысыз комиссиянын пикирин эске алуу;

  1. Жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобусту жайкы эс алуу учурунда үзгүлтүксүз иштеттирүүнү

мэрияга милдеттендирүү;

  1. Жайкы эс алуу учурундагы жол тыгынын жоюуу үчүн кошумча жол куруу жана кеңейтуу;

Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн, жол үстүнөн көпүрө курдуруу; (Аламүдүн

базарындагыдай)

  1. Врачтар жетишпеген аймактардагы калк саламаттыгына олутту көңүл бурдуруу; (3-кичи

райондо врач жок)

  1. Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясынын аймагындагы куурап каралбай калган

парк-өкмөткө өткөндүктөн, ал жерге эл аралык деңгээлде спорт маданий комплекс курдуруу;

  1. Жер участокторун жана муниципиалдык имараттарды толук инвентаризациялоо,

мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик имараттарды кайра мамлекетке кайтартуу;

  1. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнө соода сатыктан башка социалдык,маданий

тарыхый мекемелерди, жарнактарды жайгаштыруу.

  1. Алма,өрүк, алмурут жемиштерин кайра иштетүүчү өндүрүш ишканаларын ачуу.