Бир гана чогуу Кыргызстандын келечегин кура алабыз!
Биздин максатыбыз - ар бир аймактын өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан! Биз, "Ынтымак" саясий партиясынын кесипкөй адистеринин командасы, өлкөбүз үчүн реалдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн тажрыйбабызды, билимибизди жана күч-аракетибизди бириктирдик.
- Туризмди өнүктүрүү: Жыл бою иштеген экологиялык жактан туруктуу туризмди өнүктүрүү, тоо лыжа базаларын, эко-отелдерди жана санаторийлерди кошо алганда, туристтик объекттерди куруу жана модернизациялоо, туристтик маршруттарды жайылтуу, жергиликтүү калкты туризм тармагындагы көндүмдөргө үйрөтүү.
- Ысык-Көл көлүн коргоо: Көлдүн жана жээктеги аймактардын экологиясын сактоо, таштандыларды башкаруу жана тазалоочу курулмаларды киргизүү, көлдүн экологиялык мониторинг системасын киргизүү.
- Жумуш орундарын түзүү: Экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, чакан жана орто бизнести субсидиялоо жана жеңилдетилген насыялоо программаларын киргизүү, жаңы өндүрүштөрдү түзүү үчүн инвестицияларды тартуу, кесиптик даярдоо курстарын уюштуруу.
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоого жетүүнү жакшыртуу: Билим берүү жана медициналык мекемелерди куруу жана модернизациялоо.
- Социалдык жактан аялуу катмарларды колдоо.
- "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" программасы боюнча инвестицияларды тартуу менен айыл жеринде турак жай куруу: Калкты программанын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо.
- Калктын агылып кетишинин алдын алуу: Региондо жашоо жана иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, жаштарды колдоо.