Шаардык кеңештердин тизмеси > Каракол шаардык кеңеши > "Эмгек Партиясы" саясий партиясы

Демилгелүү шаар !

  • Биз кимбиз?

«Эмгек» партиясы — өз эмгеги менен жүздөгөн ишканаларды, он миңдеген жумушчу орундарын түзгөн жаратмандардын жамаатынан түзүлгөн.

Биздин команда  социалдык долбоорлорду ишке ашырып,бир канча  жумуш орундарын, социалдык инфратүзүмдөрүн жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда.

Кыргыз футболунун кайра жаралышынын, улуттук спорттун өнүгүшүнүн башатында «Эмгек» партиясынын командасы турат.

Биз өз мекенин сүйгөн мекенчилдерден жана өндүрүш кызматкерлеринен  турган командабыз!

КАРАКОЛ – өлкөдөгү туризм тармагынын локомотиви!

Биз кишканаларды ишке киргизүү менен андагы жүздөгөн жумуш орундарын түзүүнүн үстүндө иштейбиз.

  1. Чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ишкердикти колдоого алабыз.
  2. Толук санариптештирүү жана инвентаризациялоо. Ачык аукцион системасы.

Шаарды жакшыртуу

  • Өнүккөн инфраструктура – ​​сергек жашоо!

Шаардын ар бир кичи райондорунда чакан эс алуу зоналарын ачуу (Чакан парктарды).

  • Жайкы сезондо эс алуу. Сууга түшүү үчүн шаардык пляжды жакшыртуу.
  • Жашыл зоналарды көбөйтүү жана ирригация системасын жакшыртуу.
  • Коопсуздук жна укук тартиби. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.
  • Шаарды эффективдүү башкаруу

3.Бюрократия жок! "Бир терезе"! Калктын ыңгайлуулугу үчүн муниципалдык кызматтарды санариптештирүү.

Реалдуу убакыт режиминде шаардык бюджеттен сарпталган каражаттар боюнча маалыматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган веб-сайтты түзүү.

4.Транспорт саясаты

Коомдук транспортто жүрүү акысы ар бир адам үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу болушу керек 

  • Кичи райондорду өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууну камсыз кылабыз.

5.Социалдык Каракол

Калктын аярлуу катмарын колдоо (томолой жетим балдар, жарым жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, баатыр энелер)

Мектептерге жана бала бакчаларга жетим жана жарым жетим балдарды кезексиз кабыл алууга шарт түзүү.

Балдардын реабилитациялык борборлорун ачуу

Маданият. Спорт. Туризм