Урматтуу Каракол шаарынын тургундары!
Биз, Каракол шаарынын тургундары, “Шаарыбызды өнүктүрүү” деген бир идея менен биригип, “Бирге-Вместе” саясий партиясынын курамында Каракол шаардык кеңешинин шайлоосуна катышууну чечтик.
Биздин негизги максатыбыз Каракол шаарыбызды өнүккөн, алдыңкы шаар кылууга умтулуу. Каракол шаарын ар бир жаран үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана татыктуу жашоону камсыз кылган өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап жана жашыл шаарга айландыруу.
Биздин артыкчылыктуу милдеттерибиз:
- Билим берүү, маданият, спорт:
Каракол шаарынын жаштарына төмөнкү кызматтарды сапаттуу көрсөтүлө турган, жаштарды өнүктүрүү борборун ачуу:
Билим-берүү курстары;
Спорттук секциялар;
Четтилдерди окутуу;
IT окутуу курстары;
Билим-берүү мекемесиндеги мугалимдерге өзгөчө мамиле кылуу.
- Саламаттыкты сактоо реформасы:
Сапаттуу медициналык кызмат;
Мотивациялоо аркылуу кесипкөй адистерди тартуу (социалдык турак-жай менен камсыз кылуу, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлык берүү ж.б.).
- Каракол шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү:
Жашылдандыруу;
Сквер, парктарды, балдар аянтчаларын куруу;
Жарандардын коопсуздугу үчүн шаар ичине жарыктандыруу жана видеокөзөмөл камераларын орнотуу;
Тротуарларды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо;
Шаар ичиндеги арыктарды реконструкциялоо.
Биз Каракол шаарынын бардык кемчиликтерин жана көйгөйлөрүн ичинен билебиз:
Дренаждык арыктардын системасын реконструкциялоо;
Мектеп, садиктерде балдарга орундардын жетишпеген маселеси;
Жеке сектордогу үйлөрдүн борбордук канализация системасына байланыштын жоктугу.
Программабызды ишке ашыруу максатында жогоруда аталган тармактарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, алардын натыйжалуу ишке ашырылышына жетишебиз. Жогорудагы реформаларды, кадамдарды ишке ашырууга биздин эркибиз, билимибиз, тажрыйбабыз жана адамдык ресурстарыбыз бар.
Урматтуу Каракол шаарынын тургундары!
Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо сиздердин колдооңуздар абдан керек!