Урматтуу Каракол шаарынын тургундары!

Шайлоодо бизди колдой турган шайлоочуларга алдын ала терең ыраазычылык билдиребиз! Ынтымак партиясы өз шайлоочуларынын колдоосу менен Кыргыз Республикасы боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга жетишти.

Биздин максат-ар бир региондун өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан! Биз, "Ынтымак" саясий партиясынын профессионалдар командасы, шаарыбыз жана жалпы өлкөбүз үчүн реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн өз тажрыйбабызды, билимибизди жана күч-кубатыбызды бириктирдик.

Жемиштүү иштөө үчүн бизде жаштык, энергия, коомчулукта тажрыйба жана көптөгөн идеялар бар. Албетте, биздин пландарды ишке ашыруу үчүн Сиздин колдооңуз керек. Бүгүн биз сиздерге шайлоо алдындагы программабыз менен кайрылып жатабыз, анын негизин биздин турмуштук жана кесиптик тажрыйбабыз, ошондой эле жашоочулар дайыма айтып келе жаткан көйгөйлөр жана сунуштар түзөт.

 

  • Артыкчылыктуу багыттар:
  • Туризмди өнүктүрүү: Жыл бою иштеген экологиялык жактан туруктуу туризмди өнүктүрүү, тоо лыжа базаларын, эко-отелдерди жана санаторийлерди кошо алганда, туристтик объекттерди куруу жана модернизациялоо, туристтик маршруттарды жайылтуу, жергиликтүү калкты туризм тармагындагы көндүмдөргө үйрөтүү.
  • Ысык-Көл көлүн коргоо: Көлдүн экологиясын сактоо, таштандыларды башкаруу жана тазалоочу курулмаларды киргизүү, көлдүн экологиялык мониторинг системасын киргизүү.
  • Жыл бою иштеген жумуш орундарын түзүү: Транспорттук инфраструктураны (жолдор жана аэропорт) өнүктүрүүнү кошо алганда, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, туризм тармагындагы кадрлардын квалификациясын жогорулатуу программалары, экономиканын башка тармактарын (кайра иштетүү өнөр жайы) өнүктүрүү.
  • Туризм жаатында мыйзамдуулукту жана жарандардын укуктарын камсыз кылуу.
  • "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" программасы боюнча инвестицияларды тартуу менен туризм тармагынын кызматкерлери үчүн турак жай куруу: Жеңилдетилген насыялоо механизмдерин иштеп чыгуу.
  • Туризмден көз карандылыкты азайтуу: Кайра иштетүү өнөр жайын, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.
  • Туризмден түшкөн кирешелерди бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылуу: Жергиликтүү калкты колдоо, туризм жаатында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.
  • Негизги долбоорлор:
  • Эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа базасын куруу.
  • Кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу менен эко-отелдердин жана конок үйлөрүнүн тармагын түзүү.
  • Жергиликтүү калкты чет тилдерге жана туристтерге кызмат көрсөтүү көндүмдөрүнө окутуу программасы.
  • "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" алкагында "Туризм кызматкерлери үчүн жеткиликтүү турак жай" программасын иштеп чыгуу.
  • Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү жана сувенирдик продукция өндүрүүчүлөрдү колдоо программасы.
  • Жашоо сапатын жогорулатуу:
    • Билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү: мектептерди, ооруканаларды куруу жана оңдоо, квалификациялуу адистерди тартуу.
    • Социалдык жактан аялуу катмарларды колдоо: социалдык коргоо системасын өнүктүрүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, пенсионерлерге жардам көрсөтүү.