Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Биз Ош шаары ар бир тургунга чыныгы камкордук жана көңүл бурулган жер болуп, ар бириңиздер үчүн чыныгы үйгө айланышы керек деп ишенебиз. Шаарыбыз ар бир адам үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болушу керек, ал эми анын көчөлөрү жылуулук жана кубаныч менен толуп турушу зарыл.
Ош шаарын ар бир тургуну өзүн ишенимдүү жана ыңгайлуу сезе турган жайга айлантуу үчүн, биз төмөнкү конкреттүү чараларды сунуштайбыз:
- Жашыл короо: Муниципалдык программа аркылуу жыл сайын жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп, короолорду жашылдандыруу жана кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзөбүз. 5 жыл ичинде шаардагы бардык короолорду толук жашылдандырууну камсыз кылабыз;
- Ыңгайлуу тротуарлар: Жарандардын ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында, шаардагы тротуарларды жана жөө жүргүнчүлөрдүн зоналарын масштабдуу реконструкциялоону ишке ашырабыз;
- Жаш жаратман: Жаштар үчүн атайын жаштар үйүн куруп, жыл сайын алардын мыкты демилгелерин жана стартаптарын колдоо үчүн каражат бөлүп турабыз. Бул иш-чаралар жаштардын дараметин ачууга жана өнүгүүсүнө шарт түзөт;
- Мугалимдерге инвестициялар: Ош шаарынын мугалимдерин колдоо боюнча атайын программа иштелип чыгып, ал 5 жыл ичинде 1000 мугалимди камтыйт. Бул демилге мектептерибиздеги билим берүү деңгээлин жогорулатууга жана окутуунун сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт.
-
Жыйынтыктап айтканда, биз жогоруда сунушталган демилгелер менен эле токтоп калбайбыз. Шаардын жашоочулары катары коомдук транспортту жакшыртуу, жол тыгындарын азайтуу, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана шаардын турмушуна байланыштуу башка маанилүү маселелерди да чечүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.
Ошту заманбап, коопсуз жана ынгайлуу шаарга биргеликте айландыралы!