1. Суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо: "Араван" суу алып келүүчү жайын реконструкциялоо, жаңы канализация тармактарын куруу, суну эсепке алуу жана көзөмөлдөө система сынкиргизүү.
  2. Абанын сапатын жакшыртуу: «Жашыл Ош»: турак жайларды газификациялоо, жаңы троллейбус каттамдарын ишке киргизүү, электробустарды сатып алуу, жаңы сейил бак түзүү.
  3. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү: Ош шаарынын коопсуз жолдору: жолдун каптоосун оңдоо, жол белгилерин жана тосмолорду орнотуу, жөө адамдар өтүүчү жолдорду уюштуруу. "Ыңгайлуу шаар": аз кыймылдуу калк топторунун муктаждыктарын эске алуу менен тротуарларды куру жана оңдоо.
  4. Туракжай жана социалдык инфраструктура маселесин чечүү: . "Ар бир адам үчүн жеткиликтүү турак жай". "Жаштар" туракжай комплексин куруу, батирлер жеткиликтүү баада; жеңилдетилген ипотека программасын иштеп чыгуу; жаңы мектеп жана бала бакча куруу. "Шаардыктардын ден-соолугу": жаңы шаардык оорукана куруу; бар ооруканалардагы жабдууларды модернизациялоо; медициналыкадистердитартуупрограммалары
  5. Жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын кирешесин жогорулатуу: Ош – ишкерлер шаары": бизнес-инкубатор түзүү, бош жумуш орундарынын жарманкелерин уюштуруу, шаардын туристтик брендин иштеп чыгуу
  6. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү: Эко -Ош": таштандыларды өзүнчө чогултуу системасын киргизүү, таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу, Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо.
  7. Шаардык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу: Санарип Ош": шаардыктардын бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсү, онлайн кызмат көрсөтүүлөр,жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү санарип платформаны түзүү. "Ачык Ош": шаардык бийлик органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо, маанилүү маселелер боюнча коомдук талкууларды өткөрүү.