“Мурас” саясий партиясы- Ош шаарында жашаган шайлоочуларына келечекте аткара турган маанилүү иш чараларын тааныштырат.
- Идеологиялык багыт:
- жарандык коомдо өз ара ишенүү жана ынтымактуу коом түзүп, :
адеп-ахлактык баалуулуктар, ата-бабаларыбыздан мураска калган каада-салттарды эске алуу:
Өлкөдө моралдык- этикалык тартипти орнотуу, туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн раелдуу шарттарды түзүү;
- трайбализмдин, этностор аралык тирешүүнүн ар кандай көрүнүштөрүнүн тамырын кыркуу.
- Экономика багыты:
- 2024-2029-жылдарга Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу:
- жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана ишкерлерди колдоого багытталган инновациялык чаралардын комплексин кароо:
- санарип технологияларды, калктын социалдык жактан корголбогон катмарларынын мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга кеңейтүү;
- чакан жана орто бизнести колдоо;
- Шаарды куруу:
- шаардын жана шаар четиндеги аймактардын административдик-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу.
- спутник шаарларын куруу, шаардын чет жакаларынын аймакттарын келечекте өнүктурүү жана саясатын аныктоо
- шаар жолдорунда жол кыймылынын интенсивдүүлүгүн төмөндөтүү үчүн Курманжан-Датка менен Г.Айтиев көчөлөрүн жана Курманжан-Датка, А.Новои көчөлөрүнүн жол кесилиштерине жер алдынан өтмөктөрдү салуу;
-көп кабаттуу турак үйлөрдү, социалдык турак жайларды куруу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү;
- Шаардык чарба
- шаардык, квартал ичиндеги коопсуздукту камсыз кылган шаардык жолдорду оңдоого, бюджеттик жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
- экологиялык маселелердин кесепеттерин минималдаштыруу, корктондуруу жана жашылдандыруу, заманбап технологияларды колдонуу менен жургузуу,
- Социалдык сектор
- стандарттарга ылайык мектептерди, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоону жана курууну, алардын материалдык- техникалык базасын чыңдоону ишке ашыруу;
- калктын муктаждыгын эске алып, Ош шаарынын аймагында каджеттик жаңы окуу мекемелерин ачуу.