Ынтымак партиясынын платформасы
«Нарын шаарын өнүктүрүүгө 5 жыл»
Шаардык кеңештеги депутаттар билимдүү, ар кыл кесиптеги, шаардын көйгөйлөрүн даана көрө билген, өз убагында чечүүгө даяр адистер болушу биздин негизги милдетибиз.
Депутат өзү жашаган аймактагы жергиликтүү калктын тикелей өкүлү. Депутат өз аймагынын ар бир бурчун, анын “оорусун” билип, жергиликтүү бийликтин пландарынын аткарылышын көзөмөлгө алышы керек. Жаңы артыкчылыктар боюнча шайлоочулар менен кеңешүү, шаардык кеңеште бул артыкчылыктарды коргоо.
Биздин талапкерлер буга чейин шаардык кеңештин депутаттык ишмердүүлүгүндө тажрыйбасы бар инсандар жана шаарыбызды өнүктүрүү пландарын ишке ашырууга өз билимин жана потенциалын жумшоого даяр жаңы жүздөр.
Жыл сайын билим берүү тармагында мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде жаңы кадрлар керек болуп жатат. Ушул сыяктуу көптөгөн суроолор азыр чечилиши керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде чечиле турган маселелер. Шаардык кеңештин ишинин эффективдүүлүгү үчүн ар кандай кесиптеги талапкерлерди чогулттук.
Мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, спорттук машыктыруучулар, ийгиликтүү бизнесмендер жана ишкерлер буга чейин шаардын өнүгүшүнө салым кошуп, сырттан инвестиция тартууда.
Биздин талапкерлердин кесипкөйлүгү менен айкалышкан жаңы жүздөр алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө болгон ишенимди билдирет.
Биздин тогуз кадамдан турган платформабыз:
- Нарын шаарынын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу
- Муниципалндык менчикти башкаруунун ишин жакшыртуу
- Жергиликтуу бюджетти так калыстык менен болүштүрүү жана аткарылышын көзөмөлдөө
- Жергиликтуу конуштарды канализация жана курулмалардын ишин жакшыртуу
- Нарын шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу
- Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону жана керектен чыгарууну уюуштуруу
- Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу
- Балдар аяантчаларын куруу
- Суу жээктерин корүү жана жөнгө салуу.