- “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы – жаңы форматтагы саясатчыларга бүткүл өлкөнү жана өлкөнүн бардык чыныгы патриотторун, алардын саясий көз карашына, динине жана улутуна карабастан, элдин жыргалчылыгы үчүн бириктирүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн жаңы саясий күч.
- Сиздер менен биргеликте, сиздерди угуп, баарлашып, шаарды жаңыча куруу максатында шаарыбыздын саясий турмушуна катышып жатабыз! Биз лидерликти, жоопкерчиликти алууга даярбыз жана башка саясий күчтөр жана өлкөнүн бардык жарандары менен бирге биз сыймыктана турган шаарды курабыз.
- «Жаңы Кыргызстан» - партиясы Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого барат, улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда. Жарандардын ишеними биздин биринчи милдетибиз. Жарандардын бакубат жашоосу, жашоо сапатын жакшыртуу, коомду консолидациялоо, өлкөнүн туруктуу, прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн бардыгын жасоо саясий жана моралдык милдет.
- Биздин милдет – жарандарыбыздын бакубаттуулугун жана кирешесин кыйла жогорулатуу. Демек, “Жаңы Кыргызстан” - партиясынын эң маанилүү приоритети – бул сапаттуу, заманбап, жакшы акы төлөнүүчү жумуш орундары, бүтүндөй коомдун кызыкчылыгында экономиканы өнүктүрүү. Ар бир эмгекке жарамдуу адам өзүнүн билимин, талантын жана жөндөмдүүлүгүн колдонууну таба ала турган шарттарды түзүү. Жакшы жумуш - бул адамдын үй-бүлөсүн жана балдарын татыктуу жашоо менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бул келечекке болгон ишеним.
- Мамлекеттин милдети – адамдарга, биринчи кезекте турмуштук оор кырдаалга туш болгондорго кам көрүү. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын принциби – адам кайсы куракта болбосун, өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун оор турмуштук жагдайлар менен жалгыз калбашы керек. Колдоого муктаж болгондорго камкордук көрүү — партиянын артыкчылыктуу багыты.
- Ал эми биз колдоо чараларынын мындай системасы, ыкчам жана жеткиликтүү болушу үчүн, адам өзүн татыктуу жашоо деңгээли бар коомдун толук укуктуу мүчөсү катары сезиши үчүн бардык аракетибизди кылабыз. Бул системаны сапаттуу өнүктүрүүнү улантуу биздин милдетибиз.