“Жаңы Кыргызсан” саясий партиясы жаңылануунун жолундагы, жаңы көз караштагы активдүү лидерлердин партиясы.
Биздин партиянын башкы максаты- мамлекеттин алдыңкы өлкө, күчтүү коом болуп өсүшүнө салым кошуу
Санариптештирүү!
“Жаны Кыргызстан” саясий партиясы Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайланып келсе, биринчилерден болуп санариптештирүү тармагына көңүл бурат. Кыргыз мамлекетинде санариптештирүү боюнча ири саясат жүрүп жаткандыктан, санариптештирүү кызматтарын калкка көрсөткөн баардык мамлкеттик ишканаларда ишке ашырууга киришебиз.
Жакынкы келечек санариптин заманы болорун эске алып, шаарыбызда санариптештирүү кызматтарын шаардыктарыбыз тез жана сапаттуу алышы үчүн “Калктын санарип кызматтарды сапаттуу алуу” окуу борборлорун ачууну ишке ашырабыз. Кары-жаш дебей Таш-Көмүрдүн ар бир тургуну санарип кызматтарын өз алдынча ала алышы керек. Мезгилден артта калбай, ар бирибиз санариптик сабаттуулукка жетишибиз бүгүнкү күндүн талабы.
Саламаттыкты сактоо!
Таш-Көмүр шаарында саламаттыкты сактоо тармагында маселелер көп экени белгилүү. Эң эле орчундуусу кадр маселеси. Биз шаардык кеңеш келсек, кадр маселесин чечүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз. Ал үчүн шаар бийлиги менен биргеликте саламаттыкты сактоо тармагына кадрларды тартуу боюнча иш-план иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылып, тармактагы маселелерди чечүү үчүн аягына чейин иш алып барабыз.
Өндүрүш!
Таш-Көмүр шаары өнөр-жай тармагында потенциалы жогору шаар экени белгилүү. Ошондуктан шаардагы ишке кире элек, токтоп турган өндүрүш ишканаларын ишке киргизүү тармагында Өкмөттүн жардамы менен инвесторлорду тартуу колго алат.
Андан сырткары биздин партия шаарыбыздагы баардык тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасайт.