Шаардык кеңештердин тизмеси > Токтогул шаардык кеңеши > "Эл Үмүтү социал-саясий партиясы" саясий партиясы

«Эл Үмүтү” социал-саясий партиясынын Программасы

  1. Ынтымактуу коом өнүгүүнүн өзөгү. Жергиликтүү жамааттын ишин өркүндөтүрүү үчүн жаңы бириктирилген Токтогул шаарынын өнүгүү механизмдерди иштеп чыгабыз. Шаарыбыздагы көчө кварталдык комитеттердин ишин жандандырабыз. Жарандык коомдун өкүлдөрү, жаштар уюмдары, ардагерлер кеңештери, аялдар кеңештери, социалдык багытта иш алып барышкан коомдук бей-өкмөт уюмдар, спорт тармагы менен активдүү иштейбиз.
  2. Туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу. Чычкан капчыгайынын туристтик потенциялын даңазалоо аркылуу экологиялык туризмди, мал чарбасын колдоо үчүн жайлоо жана тоо туризмин, ошондой эле Токтогул суу сактагычынын потенциялын колдонуп шаардык муниципалдык парко- пляждык аймактарды заманбап эс алуучу парктарды, бассейиндерди жана кышкы спорттук жайларды уюштуруу:
  3. Муниципалдык кызмат көрсөтүү иштерине көмөк көрсөтөбүз. Шаарыбыздын ыңгайлуу шарт жана суу чарба муниципалдык ишканаларын ишин жакшыртуу программасын иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу аркылуу Токтогул шаарын жаңы көркөмдүү, жашыл, таза шаарга айлантуу:
  4. “Дени-сак улут, дени-сак шаар” шаар жашоочулары үчүн сапаттуу медициналык тейлөөнү уюштурууга көмөк көрсөтөбүз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн реаблитациялык борбор уюштуруу жана өзгөчө шарт түзүүгө жетишүү:.
  5. Билим берүү системасын өнүктүрүү. Шаарыбызда ар бир бала заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим алуусу үчүн жаңы мектептерди, балдар бакчаларды жана жаңы билим берүү мекемелерин куруу маселесин көтөрүп, ишке ашырабыз.
  6. Жаштардын потенциалын колдоо. Биз жаштардын өнүктүрүүгө, шаарыбыздын келечегин калыптандыруучу идеяларды жана демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүсүнө басым жасайбыз.
  7. Шаардын кыска жана узак мөөнөткө кабыл алган социалдык- экономикалык өнүктүрүү программаларынын иштеп чыгууну демилгелөө жана ишке ашышына толук көмөк көрсөтүү.
  8. Спортту өнүктүрүү: Шаарыбыздын ар бир айылдарында комплекстүү спорттук мекемелерди курулушуна көңүл буруу. Машыртыруучуларга жана жаш таланттуу спортчуларды колдоо үчүн өзгөчө стимул берүүчү программа иштеп чыгуу. Спорттук туризмди өнүктүрүү:
  9. Инвестиция тартуу: Токтогул шаарын жана айылдарынын социалдык экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуунун программасын иштеп чыгуу. Жеке ишкерлерди колдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу: