«Ынтымак» саясий партиясынын программасы:
- Токтогул шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын демилгелеп көтөрүү.
- Токтогул шаарынын казынасын көбөйтүү максатында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишканаларды түзүү.
- Чет элдик жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу.
- Токтогул шаарындагы кылмыштуулукту жоюу, жол коопсуздук эрежелерин бузууну азайтуу, коомдук жайларда таштандыларды жок кылуу максатында, элдүү пункттарда, көчөлөрдө жана кайчылаш көчөлөрдө көзөмөл видео орнотуу.
- Ташталуучу турмуш тиричилик таштандыларды сорттоп бөлүп таштоо, боюнча шаар тургундары жана жакын арада жайгашкан айыл тургундары менен түздөн-түз түшундүрүү иштерин алып баруу.
Бул төмөндөгүдөй натыйжаларды берет:
- чоң көлөмдөгү таштанды жайларын азайтууга;
- көчөлөрдүн жана коомдук жайлардын тазалыгы;
- таштандыны кайрадан иштетүүчү ишканаларын түзүүгө көмөктөшүүсүнө.
- Токтогул шаарындагы Ак-Жон жаңы конушуна балдар үчүн жалпы билим берүү мектебин, бала бакча курууга көмөктөшүү.
- Жаш үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын иш менен камсыздоодо кесиптиктик окуу жайларга окутууга жардам берүү.
• Токтогул шаарындагы оорукана бөлүмдөрүн, мектептерди жана шаар тургундарына кызмат кылган социалдык обьектилерди оңдоп түзөөгө жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууга көмөктөшүү.
• Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон шаар,айыл тургундарына, тегиз бирдей мамлекеттик жана социалдык жардам берилишине, туура көзөмөл мониторинг жүргүзүү.
• Мүмкүнчүлүгү чектелген шаар, айыл жарандарынын коомдук жайларда шарт түзүп берүү боюнча, суроо талаптарын шаардык деңгээлде канааттандырып берүү.
• Токтогул шаарынын электр кубаттуулугу жетишпеген жаңы конуштарда жана микрорайондордо жаңы электр шаймандарын орнотуу
• Токтогул шаарынын коомдук жайларын жана
айлана чөйрөнү декоративдик бак-дарактар менен жашылдандырууну демилгелөө