Идеология жана улуттар аралык ынтымак:
- Кочкор-Ата шаарында жашаган бардык улуттардын ынтымактуулугун туруктуулугун сактоо;
- трайбализмдин, жердешчиликтин, улуттар аралык жана аймакка бөлүнүүнүн алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп туруу.
Экономика: - 2025-2030-жылдарга карата Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү;
- чакан жана орто бизнести колдоо.
Шаарды куруу: - Кочкор-Ата шаарын куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
- Кочкор-Ата шаарынын чет жагындагы кварталдарга кичи футбол жана воркаут аянтчаларын куруу;
- көп кабаттуу турак үйлөрдү, социалдык турак жайларды куруу үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүү;
- шаар ичиндеги жана четиндеги көчөлөрдү оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, столбаларды жаңылоо;
- cейил бак жана спорттук имараттардын иштешин камсыз кылуу, шаар жашоочуларынын бош убактысында эс алуу учун жагымдуу шарттарды түзүү;
- шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, ошондой эле жаңы аллеяларды, скверлерди куруу.
Социалдык саясат: - калктын социалдык жактан аярлуу катмарын максаттуу колдоо;
- мектептерге кошумча имараттарды куруу, мектептердин, балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, спорттук эмеректер менен дайыма камсыздоо;
- билим берүүгө санарип технологияларын киргизүү, мектептерди проектор, заманбап каражаттар менен камсыздоо;
- маданий-агартуу иштерин колдоо жана өнүктүрүү;
- саламаттыкты сактоо мекемелерин өз убагында ремонттоо жана жаңы медициналык аппараттар менен камсыздоо;
- Кочкор-Ата шаардык ооруканасына биринчи “Тез жардам көрсөтүү” комплексин куруу;
- “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” программасы боюнча инвестицияларды тартуу, шаар жашоочуларын турак-жай менен камсыз кылуу.
- дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
- окуучуларды мектепке ташуу үчүн шаар ичинде автобустарды уюштуруу.
Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана коомдук тартипти коргоо:
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруу.