Шаардык кеңештердин тизмеси > Шамалды-Сай шаардык кеңеши > «Энергетиктердин» Саясий партиясы

Саясий партиясы ыктыярдуулук, теңчилик, мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине негизделген.

Биздин максат: чыныгы демократиялык укуктук мамлекетти куруу, Шамалдуу-Сай шаар калкынын жашоо деңгээли жогорулатуу.

Партия биринчи этаптагы башкы милдет - коомдун, экономиканын жана саясий көз каранды эместиктин стабилдүү өнүгүшүн камсыз кылуу деп эсептейт.

Партия өзүнүн саясий программаларында социалдык чөйрөнү жана экономиканы өнүктүрүүнү жактайт. Максаты – Шамалдуу-Сай шаардын ар бир тургунунун татыктуу жашоосу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга жөндөмдүү натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жана активдүү жарандык коомду калыптандыруу жана өнүктүрүү.

Партия өзүнүн ишинде төмөнкүлөргө умтулат:

 - шаарыбыздын көз карандысыздыгын жана бүтүндүгүн, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу;

 - улуттардын тең укуктуулугуна негизделген улуттук саясатты ишке ашыруу, улуттар аралык улутчулдуктун жана шовинизмдин кагылыштарын жоюу;

 - шаардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу;

 - шаарда дени сак, билимдүү жана маданий өнүккөн калкты калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;

 - жол тармагын оңдоо;

 - чыгармачылык, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү;

 - шаардын маданий турмушун өнүктүрүү, маданий, спорттук, жаштардын иш-чараларына катышуу;

 - шаарды көрктөндүрүү;

 - калкты социалдык жактан коргоо:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнүн натыйжалуу иштеши менен мүмкүн болгон жагымдуу шарттарды түзүү;

- оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга жардам көрсөтүү;

- согуштун жана эмгектин ардагерлерине, пенсионерлерге колдоо көрсөтүү;

- инвестицияларды тартуу;

- бюджеттик каражаттардын жана максаттуу программалардын түшүшүнө жана бөлүштүрүлүшүнө элдик контроль;

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө шаардын коомчулугун кеңири тартуу.