Шаардык кеңештердин тизмеси > Жалал-Абад шаардык кеңеши > Политическая партия "Жаны Кыргызстан"

Партиянын программасында  артыкчылыктуу багыттар бул аймактарды өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугу, натыйжалуу экономика, ишкердикти жандандыруу, иш орундарын түзүү жана даректүү социалдык саясатты жүргүзүү.

- Девиз: Шаарыбыз үчүн!

«Жаны Кыргызстан» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА коюлган ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ:

1.Саламаттык сактоону жакшыртуу – сиздин өмүрүнүз биз үчүн кымбат.

- «Жүрөгүндү сакта» долбоорун ишке ашыруу,  Жалал-Абад шаарындагы поликлиникалардын имараттарынын абалын жакшыртуу, Жалал-Абад шаарындагы медициналык мекемелердин материалдык базасын жакшыртууга көмөктөшүү;

  1. Спортту колдоо, дени –сак жашоо образын пропагандалоо;

- Жаштарды, спортчуларга жакындан жардам берүү, Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептерге жаны спорт залдарын жана аянтчаларын куру,көп кабаттуу үйлөрдүн алдына спорт аянтчаларынын абалын жакшыртуу;

  1. Жарандардын коопсуздугу - «Жарык шаар» долбоору;

-Шаардагы көчөлөрдү таза, жарык жана коопсуз  кылуу, Көчөлөрдө видео көзөмөлдөрдү көбөйтүү, «коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу;

  1. Билим берүү жана маданият, жаштар саясатын колдоо;

- Шаардын айрым аймактарында жетишсиз болгон бала бакчаларды куруу үчүн инвестор тартуу менен  же жергиликтүү бюджеттен каражат бөлдүрүү;

- Билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдерге жана тарбиячыларга жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү, маданият тармагын колдоо жана жаштарга камкордук;

5.Өндүрүштү жандандыруу, курулуш жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу;

- Шаарда токтоп турган өндүрүш объектилерин жандандыруу жана  жаны ишканаларды ачууга көмөктөшүү, Шаардагы айрым көчөлөрдү кенейтүү жана жолдордун абалын жакшыртуу;

- Шаардагы айрым көчөлөргө суу жана канализация түтүкчөлөрүн тартуу;

- Шаардагы айрым көчөлөргө жаныдан тротуарларды  салуу;

-Шаардагы ирригация системасын калыбына келтирүү;

  1. Айыл чарбаны колдоо – МТС долбоору;

- Тайгараев, Конгантиев, Ырыс, Лавдан Кара, Мадумар-Ата аймактык башкармалыгындагы дыйкандардын тийиштүү айыл-чарба техникалары менен камсыздап, алардын түйшүгүн женилдетүү;

  1. Элдердин достугун жана ынтымагын чындоо;

- Ынтымак жана биримдик болгон убакта гана -  көп улуттуу Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасы онугот! - Жалал-Абад шары, Т. Байзаков көч.

  1. Шаарыбызды онуктуруудогу, эн койгойлуу маселелерден бири жеке автоуналардын санынын кобойгондугуно байланыштуу, автоуналардын жол тыгындыгына байланыштуу жол устунон, жол астынан жоо жургунчулорго отмокторду куруу.
  2. Шаарыбыздагы койгойлуу маселердин бири, автоунаа токтотуучу жайлардын аздыгына жана ошол маселени чечуу учун жер астындагы жана коп кабаттуу автоунаа токтотуучу жайларды куруу.
  3. Жалал-Абад шаарын корктондуруу жана жашылдандыруу учун, жаны технология менен саркынды сууларды тазалап, техникалык сууну иштеп чыгып сугаруу жагын чечуу.
  4. Жалал-Абад шаарынын кенейип коп кабаттуу уйлордун кобойушуно байланыштуу, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруп ишке киргизуу.