Партиянын программасында артыкчылыктуу багыттар бул аймактарды өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугу, натыйжалуу экономика, ишкердикти жандандыруу, иш орундарын түзүү жана даректүү социалдык саясатты жүргүзүү.

  • Девиз: Адилеттуулук үчүн!

“Адилет” саясий партиясынын Жалал-Абад шаарында өнүгүүгө карай койгон приоритеттүү багыттары:

  • Дени сак улут ,дени сак жашоо
  • “Жүрөгүндү сакта” долбоорун ишке ашыруу, Жалал-Абад шаарындагы поликлиникалардын имараттарынын абалын жакшыртуу, Жалал-Абад шаарындагы медициналык мекемелердин материалдык базасын жакшыртууга көмөктөшүү;
  1. Спортту колдоо, дени-сак жашоо образын пропагандалоо;
  • Жаштарды, спортчуларга жакындан жардам берүү, Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептерге жаңы спорт залдарын жана аянтчаларын куру, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында спорт аянтчаларынын абалын жакшыртуу;
  1. Жарандардын коопсуздугу – “Жарык шаар” долбоору;
  • Шаардагы көчөлөрдү таза, жарык жана коопсуз кылуу, көчөлөрдө видео көзөмөлдөрдү көбөйтүү, “коопсуз шар” долбоорун ишке ашыруу;
  1. Билим берүү жана маданият, жаштар саясатын колдоо;
  • Шаардын айрым аймактарында жетишсиз болгон бала бакчаларды куруу үчүн инвестор тартуу менен же жергиликтүү бюджеттен каражат бөлдүрүү;
  • Билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдерге жана тарбиячыларга жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү, маданият тармагын колдоо жана жаштарга камкордук;
  1. Өндүрүштү жандандыруу, курулуш жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу;
  • Шаарда токтоп калган өндүрүш объектилерин жандандыруу жана жаңы ишканаларды ачууга көмөктөшүү, Шаардагы айрым көчөлөрдү кеңейтүү жана жолдордун абалын жакшыртуу;
  • Шаардагы айрым көчөлөргө суу жана канализация түтүкчөлөрүн тартуу;
  • Шаардагы ирригация системасын калыбына келтирүү;
  1. Айыл чарбаны колдоо
  • АТРдин негизинде шаар аймагына кошулган аймактарда  дыйкандарды,фермерлерди тийиштүү заманбап  айыл-чарба техникалары менен камсыздоо;
  1. Элдердин достугун жана ынтымагын чындоо;
  • Ынтымак жана биримдик болгон убакта гана – көп улуттуу Жалал-Абад шаары ӨНҮГӨТ! Улуттар аралык ынтымакты сактоо.Биз биримдикте ган ӨНҮГӨБҮЗ!