Кара-Көл шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын демилгелеп көтөрүү.
- Кара-Көл шаарынын казынасын көбөйтүү максатында, мамлекеттикжеке өнөктөштүк ишканаларды түзүү.
- Чет элдик жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу.
- Кара-Көл шаарындагы кылмыштуулукту жоюу, жол коопсуздук эрежелерин бузууну азайтуу, коомдук жайларда таштандыларды жок кылуу максатында, элдүү пункттарда, көчөлөрдө жана кайчылаш көчөлөрдө көзөмөл видео орнотуу.
- Ташталуучу турмуш тиричилик таштандыларды сорттоп бөлүп таштоо, боюнча шаар тургундары жана жакын арада жайгашкан айыл тургундары менен түздөн-түз түшундүрүү иштерин алып баруу. Бул төмөндөгүдөй натыйжаларды берет: - чоң көлөмдөгү таштанды жайларын азайтууга; - көчөлөрдүн жана коомдук жайлардын тазалыгы; - таштандыны кайрадан иштетүүчү ишканаларын түзүүгө көмөктөшүүсүнө.
- Жаш үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын иш менен камсыздоодо кесиптиктик окуу жайларга окутууга жардам берүү.
- Кара-Көл шаарындагы оорукана бөлүмдөрүн, мектептерди жана шаар тургундарына кызмат кылган социалдык обьектилерди оңдоп түзөөгө жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууга көмөктөшүү.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон шаар,айыл тургундарына, тегиз бирдей мамлекеттик жана социалдык жардам берилишине, туура көзөмөл мониторинг жүргүзүү.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген шаар, айыл жарандарынын коомдук жайларда шарт түзүп берүү боюнча, суроо талаптарын шаардык деңгээлде канааттандырып берүү.
- Кара-Көл шаарынын электр кубаттуулугу жетишпеген жаңы конуштарда жана микрорайондордо жаңы электр шаймандарын орнотуу
- Кара-Көл шаарынын коомдук жайларын жана айлана чөйрөнү декоративдик бак-дарактар менен жашылдандырууну демилгелөө